Активист Айбек Теңизбайды белгисиз адамдар кармап кетишкени кабарланды
- 1 месяц мурун
Активист Айбек Теңизбайды Чүй облусунун Кой-Таш айылынан белгисиз адамдар кармап кетишкени кабарланды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Айбек Теңизбайдын жакындары маалымат берген.
Активисттин жакындарынын айтымында, кармаганы келгендер өздөрүн укук коргоо органдарынын адамдарыбыз дешкен. Алар апасынын да чөнтөк телефонун алып кетишкен.
Айбек Теңизбай кийинки убактарда өлкөдөгү коомдук, саясий окуялар тууралуу сын пикирин билдирип, подкаст да алып барат.
Сүрөттө: Айбек Теңизбай. Социалдык тармактан
Муну бөлүшүү




