Активист Айбек Теңизбай 48 саатка камакка алынды
- 1 месяц мурун
Активист Айбек Теңизбай 48 саатка камакка алынды. Анын жактоочусу Жаныш Бараковдун айтуусуна караганда, Айбек Теңизбайга кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси, расалык, этностук, диний, улуттар жана этностор аралык кастыкты козутуу беренеси менен айып тагылууда.
Ал Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгында камалып турат.
«Кылмыш иши лингвистикалык экспертизанын негизинде козголуптур. Тергөөчү бизге экспертизанын корутундусун таанышууга берди жана таанышып чыктык. Ал жерде Теңизбаевдин Ютубдагы жана социалдык тармактардагы билдирүүлөрү каралып, «кастыкты козутуу белгилери бар» деп белгилениптир. Ошонун негизинде кылмыш иши козголгон» деп билдирди жактоочу «Азаттыкка».
12-декабрда Октябрь райондук сотунда анын бөгөт чарасы каралат.
11-декабрда Айбек Теңизбайды үйүнөн белгисиз адамдар кармап кетишкени айтылган. Кийин ал УКМКнын Бишкек башкармалыгында экени белгилүү болгон. Айбек Теңизбай өлкөдөгү коомдук-саясий жагдай боюнча пикирин ачык айтып келет. Ютубда саясий подкаст алып барат.
Сүрөт: Интернет булактарынан




