24.кg кеңсесин тинтүү: Ичине адвокаттардын бирин киргизишти (Видео)

24. kg маалымат агенттигинин кеңсесине адвокаттардын бирин киргизишти.

Бул тууралуу «ПолитКлиниканын» журналисттери жеринде билдирди.

Буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин кызматкерлери 24.kg маалымат агенттигинин кеңсесинде тинтүү жүргүзүп жаткандыгы маалымдалган.

«Биздин кеңседе УКМК кызматкерлери тинтүү жүргүзүп жатат. Медиа Полиси Институтунан адвокаттарды жана юристтерди киргизбей жатышат» деп айткан редактор Ниязова.

Тинтүүнүн себеби азырынча белгисиз.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты