24. kg агенттигинен Асел Оторбаева менен Махинур Ниязованы суракка алып кетишти (Видео)

  • 3 месяца мурун

24. kg агенттигинин негиздөөчүсү Асел Оторбаева менен редактору Махинур Ниязованы суракка алып кетишти.

Бул тууралуу «ПолитКлиниканын» кабарчылары жеринен билдирди.

Ошондой эле 24. kg маалымат агенттигинин кеңсесинен беткапчан кызматкерлер техника, аппаратураларды чыгарып кетип жатышат. Кеңсеге да мөөр басылып, бекитилип коюлду.

Күч кызматкерлеринин коштоосунда автоунаага кирип баратканда Асел Оторбаева аларга кылмыш иши козголгонун билдирди. Махинур Ниязова иш “Украинадагы согуш боюнча жазылган макалага” байланыштуу экенин айтты.

Буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин кызматкерлери 24.kg маалымат агенттигинин кеңсесинде тинтүү жүргүзүп жаткандыгы маалымдалган.

«Биздин кеңседе УКМК кызматкерлери тинтүү жүргүзүп жатат. Медиа Полиси Институтунан адвокаттарды жана юристтерди киргизбей жатышат» деп айткан редактор Ниязова.

Кийинчерээк адвокаттардын бирин киргизгени маалымдалган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты