Убактылуу камак жайында асынып алган Бакыт Асанбаевдин өлүмү боюнча УКМКнын билдирүүсү

  • 2 года мурун

2022-жылдын 30-апрелинен тартып Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөө камак жайына Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечиминин негизинде коррупция фактысы менен козголгон кылмыш иши боюнча айыпка шект “Айыл Банктын” насыяларды тескөө бөлүмүнүн мурдагы башчысы – А.Б.Р. (Асанбаев Бакыт Рысбекович-ред.)  жайгаштырылган.

УКМКнын маалыматында айтылгандай, 2022-жылдын 18-июнь күнү түнкү саат 00:55 чамасында аталган А.Б.Р. аттуу жаран УКМКнын тергөө камак жайынын камерасында өз жанын кыйган. Ал тергөө камак жайынын камерасында асынып алган абалда табылган.

Ага тергөө камак жайынын кызматкерлери жана камералаштары тарабынан биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, тез жардам кызматы чакырылган. Асанбаев Бакыттын каза болгондугу аныкталган.

Бакыт Асанбаев санитардык блокко жайгаштырылган, анын жанында дагы 3 айыпка шектүү болгон, алар эки кишилик эки камерага бөлүнүп жайгаштырылган. Ошол эле учурда жуунуучу бөлмөлөрү жалпы болгондуктан, камералардын эшиктери дайыма ачык болгон. Камералардын коридору өзүнчө тор менен тосулган.

Асанбаевдин өз жанын кыюу учурунда жанындагы айыпка шектүүлөр башка камерада намаз окуп жатышкан.

Маалыматта айтылгандай, тергөө абагында жайгашкандан бери ал ден соолугуна, камакта кармоонун шарттарына даттанган эмес, жактоочу айыпка шектүүгө ээн-эркин кирип турган, кылмыш- жаза процессуалдык кодексинин талаптарына ылайык, жакын туугандары менен жолугушууга уруксат берилген.

Мындан тышкары камакта кармоо учурунда, өз жанын кыюу боюнча жүрүм-турумунан байкалган эместиги маалымдалды. Азыркы учурда тиешелүү соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Буга чейин ЖМКда Бакыт Асанбаевдин УКМК тергөө абагында асынып каза болгондугу туурадуу маалымат тараган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тарабынан (УКМК) кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүгү (Коррупция) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, мамлекеттин кызыкчылыгына зыян келтирип, кредиттик каражаттарды максатсыз атайылап чыгаруудан турган «Айыл-Банк» АКК коррупциялык схемасы текшерилип жаткан.

Бакыт Асанбаев апрель айында коррупцияга шектелип кармалган.

Сүрөттө: Бакыт Асанбаев. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты