“Айыл-Банктын” бир катар жооптуу кызматкерлери кармалды

  • 2 года мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тарабынан (УКМК) кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүгү (Коррупция) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, мамлекеттин кызыкчылыгына зыян келтирип, кредиттик каражаттарды максатсыз атайылап чыгаруудан турган (100% мамлекеттик үлүшү) «Айыл-Банк» АКК коррупциялык схемасы текшерилүүдө.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан насыя берүүдө коммерциялык субъектилердин кызыкчылыктарын лоббирлөө боюнча туруктуу коррупциялык схеманы түзгөн “Айыл-Банк” ААКнын бир катар жооптуу кызматкерлери аныкталды.

Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

“Айыл-Банктын” бир катар жооптуу кызматкерлери, М.Н.Т., Ш.У.Ж., С.М.А. жана А.Ж.А.. насыя берүүдө коммерциялык субъектилердин кызыкчылыктарын лоббирлөө боюнча туруктуу коррупциялык схеманы түзгөн.  2017-жылы “Айыл-Банк” тарабынан «Россиф» жеке ишканасына күрөөнү жасалма түрдө көбөйтүү менен 3,5 млн АКШ доллары (295,7 млн сом) өлчөмүндө насыя берилген.

“Россиф” тарабынан банкка күрөөгө койгон 348,5 миллион сомдук мүлк юстиция министрлигине караштуу мамлекеттик соттук-эксперттик кызматынын баасы боюнча болгону 271,8 миллион сомду түзүп, ортодогу айырма 76,6 миллион сом болгону аныкталды.

Кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты