УКМК убактылуу жайында “Айылбанктын” төрагасынын мурдагы орун басары асынып каза тапты

  • 2 года мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) убактылуу кармоочу жайында бүгүн эртең менен “Айылбанктын” төрагасынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаев асынып каза тапты.

Бул тууралуу 24kg агенттиги жеке булактарына таянып билдирди.  

Анын сөөгүн тергөө жайынын кызматкерлери көргөнү кабарланды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тарабынан (УКМК) кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүгү (Коррупция) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, мамлекеттин кызыкчылыгына зыян келтирип, кредиттик каражаттарды максатсыз атайылап чыгаруудан турган «Айыл-Банк» АКК коррупциялык схемасы текшерилип жаткан.

Бакыт Асанбаев апрель айында коррупцияга шектелип кармалган.

УКМК убактылуу жайында “Айылбанктын” төрагасынын мурдагы орун басары асынып каза тапты

Бакыт Асанбаев. Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты