АКШнын президенти Дональд Трамп Кытайга мамлекеттик сапар менен барды

  • 3 месяца мурун

ЖМКнын мааалыматтары боюнча, 13-майда АКШнын президенти Дональд Трамп Кытайга мамлекеттик сапар менен барды. Бул — АКШнын президентинин 2017-жылдан берки биринчи сапары.

Мамлекеттик сапар 13-15-майга чейин созулат. Эртең, 14-майда, Дональд Трамп Кытайдын төрагасы Си Цзинпинь менен жолугушат.

Лидерлер Пекиндеги Асман храмына  барып, андан кийин кабыл алуу аземи башталат. Сүйлөшүүлөр сапардын соңку күнү да созулат.  

Сапар алдында Трамп Си Цзинпинди урматтаарын,  сапар эки мамлекет үчүн жемиштүү болорун билдирген. «Эки супер держава» деп белгилеп, өз ара соода, Ирандагы абал ж.б. маселелер талкууланарын да кошумчалаган.

Делегациянын курамында АКШнын ири бизнесмендери, анын ичинде Tesla компаниясынын башчысы Илон Маск жана Apple жетекчиси Тим Кук бар.

Сүрөт: Reuters

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты