АКШнын жана Кытайдын президенттери жолугушту
- 4 недели мурун
Бүгүн, 14-майда, АКШнын президенти Дональд Трамп менен Кытайдын президенти Си Цзиньпин жолугушту. Бул тууралуу Associated Press агенттиги билдирди. Сүйлөшүүлөр Кытайдын Тяньаньмэн аянтындагы элдик жыйналыштар үйүндө өттү. Сүйлөшүү эки саатка созулду.
Жолугушуу жабык форматта өттү, бирок айрым маселелер боюнча сүйлөшүүлөрү тууралуу Синьхуа агенттиги жазды. Алсак, Си Цзиньпин Дональд Трампка Кытай менен АКШнын мамилесинин ортосундагы маанилүү маселе бул Тайвань кысыгында тынчтык жана туруктуулук орнотуу болорун билдирди. Си Цзиньпиндин айтуусу боюнча, эгер Тайван боюнча туура эмес мамиле жасала турган болсо, анда Кытай менен АКШнын ортосунда кагылышуулар, ал тургай жаңжал чыгып кетиши ыктымал. Бул болсо кандай мамиле болбосун, коркунуч жаратат. Ал Тайвандын “көз карандысыздыгы” жана Тайван кысыгындагы тынчтык маселеси аба менен суудай, бири-бирине дал келбесин айтты.
Ал эми Associated Press жазгандай, ачык сүйлөшүүлөрдө Трамп Си Цзиньпинди “улуу лидер” деп атаган. Ошондой эле эки мамлекеттин мамилеси мурда болуп көрбөгөндөй жакшыра турганына ишенимин белгилеген.
Кытайдын лидери кызматташуу эки мамлекет үчүн тең пайдалуу болорун, ал эми араздашуу эки мамлекетке тең пайда алып келбесин айткан.
Кытай Тайванды өз аймагы деп эсептейт, аны күч менен болсо да өзүнүн көзөмөлүнө алууга даяр экенин билдирип келет.
Дональд Трамп Пекинге соңку жолу 2017-жылы сапарга барган. Мамлекеттик сапар 13-15-майга чейин созулат. Делегациянын курамында АКШнын ири бизнесмендери, анын ичинде Tesla компаниясынын башчысы Илон Маск жана Apple жетекчиси Тим Кук бар.
Сүрөт: Reuters




