Трамп Иран менен Израил ок атышууну токтотуу келишимине келгенин билдирди

  • 1 год мурун

АКШнын президенти Дональд Трамп Израил менен Иран ок атышууну токтотуу келишимине келгенин Truth Social баракчасы аркылуу билдирди.

Анын айтымында, ок атышууну токтотуу 24-июнда эртең менен башталмакчы.

Трамптын айтымында ок атышууну токтотууну биринчи Иран баштап, андан 12 сааттан кийин Израил улантып, алардын ортосундагы 12 күндүк согуш аягына чыгат.

“Иран расмий түрдө ок атышууну токтотот, андан 12 сааттан кийин Израил ок атышууну токтотот. Ал эми 24 сааттан кийин дүйнө 12 күндүк согуш аягына чыкканын билет. Ар бир ок атышуу токтотуу жарыялаган өлкөгө экинчиси урмат менен мамиле кылат” деп жазган Американын лидери.

Ирандын Press TV аттуу каналы Израил менен ок атышууну токтотуу келишими иши жүзүнө ашканын кабарлады.

Израил да ок атышууну токтотууга макул экенин билдирди. Бул тууралуу премьер-министр Биньямин Нетаниягунун кеңсеси маалымат таратты.

13-июнда Израил Иранга сокку уруп, ядролук оъекттерин мелжеген. Ага Иран сокку менен жооп кайтарган.

АКШнын президенти Дональд Трамп Америка Кошмо Штатттары Ирандын үч ядролук объектине -Фордо, Натанзе жана Исфаханга сокку урганын жарыя кылган.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты