АКШ Ирандын ядролук үч объектисине сокку урду
- 12 месяцев мурун
АКШ Ирандын ядролук үч объектисине сокку урду. «Тынч жашоого убакыт келди» деп билдирди Дональд Трамп.
Бул тууралуу CNN басылмасы билдирди.
АКШнын президенти Дональд Трамп Америка Кошмо Штатттары Ирандын үч ядролук объектине-Фордо, Натанзе жана Исфаханга сокку урганын жарыя кылды. Бул тууралуу Truth Social социалдык тармагы жазып, Фордого бомба толугу менен ыргытылганын жазды.
“Биз Ирандын ядролук үч объектине ийгиликтүү чабуул жасоону аяктадык. АКШнын учактары Ирандан кайтууда” деп билдирди постунда Американын президенти. .
Дональд Трамп бул АКШ, Израил жана бүтүл дүйнө үчүн тарыхый учур экенин белгиледи.
BBC News жана CNN Трамптын “Фордо талкаланды” деген постту бөлүшкөнүн жазды.
Дональд Трамп АКШнын элине кайрылуусунда Ирандын уранды байытуу боюнча негизги объекттери талкалангандыгын айтты.
Иран Фордо, Натанзе жана Исфаханда ядролук объекттерге чабуул жасалганын тастыктады.
Ирандын атом энергиясы уюму АКШнын ядролук объекттерге чабуулу эл аралык укукка, айрыкча ядролук куралды таратпоо келишимине каршы келерин жазды.
Буга чейин “Иран менен сүйлөшүү ыктымалдыгы сакталып турган фактыга таянып, мен жакынкы эки жума ичинде чечим кабыл алам” деп АКШнын президенти билдиргенин басма сөз катчы Левит билдирген.
The Wall Street Journal басылмасынын маалыматы боюнча, Трамп Иранга сокуу уруу планын кубаттады, бирок акыркы буйрукту бере элек. АКШнын президенти жардамчыларына билдиргендей, Иранга сокку уруу планын кубаттап, бирок Тегеран ядролук программасынан баш тартабы-жокпу, ошого карап чечим чыгармак болгон.
ABC News басылмасы 17-июнда кийинки 24-48 саат Иран менен маселе дипломатиялык жол менен чечилеби же АКШ аскер аракеттерине барабы, белгилүү болуп калаарын жазды.
Ирандын жогопку лидери Али Хаменеи телекайрылуусунда Иранга каршы аскер аракеттери аларга сөзсүз чоң жабыркоо алып келээрин билдирген.
Тышкы иштер министрлиги Жакынкы Чыгыштагы туруксуз кырдаалга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын жарандарына Иранга жана Израилге баруудан убактылуу баш тартууну, ошондой эле кырдаал жөнгө салынганга чейин аталган өлкөлөрдөн чыгып кетүүнү эскертти.
Кыргыз Республикасынын 28 жараны Ирандан Азербайжан аркылуу эвакуацияланды.
Израил Ирандын ядролук объекттерине сокку уруп, Ирандын жогорку аскер кызматкерлери каза тапканын Израилдин Коргоо аскери кабарлаган.
14-июндан 15-июнга караган түнү Иран Израилдин аймагында 100дөн ашык ракета жана учкучсуз учактар менен сокку урганын Fars агенттиги билдирген.
Иллюстрациялык сүрөт: B-2 бомбардировщиги. Reuters




