ТИМ кыргызстандыктарга Иран жана Израилге баруудан баш тартууну эскертти
- 1 год мурун
Тышкы иштер министрлиги Жакынкы Чыгыштагы туруксуз кырдаалга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын жарандарына Иранга жана Израилге баруудан убактылуу баш тартууну, ошондой эле кырдаал жөнгө салынганга чейин аталган өлкөлөрдөн чыгып кетүүнү эскертти.
Жакынкы Чыгышка барууну же чыгып кетүүнү пландап жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарына аба каттамдарына коюлган учурдагы чектөөлөрдү эске алуу жана чет өлкөдөгү мекемелердин, жергиликтүү бийлик органдарынын жана авиакомпаниялардын маалыматтык билдирүүлөрүнө көз салууну эскертет.
ТИМ зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринин ыкчам байланыш номерлерине кайрылууну суранат:
- Кыргыз Республикасынын Катардагы элчилиги: +974 5066 7001;
- Кувейттеги элчилиги: +965 5170 2180;
- Ирандагы элчилиги: +98 935 250 5226;
- Бириккен Араб Эмираттарындагы элчилиги: +971 2558 4955;
- Дубай шаарындагы башкы консулдугу: +971 58 881 3567;
- Сауд Арабиядагы элчилиги: +966 58 376 99454;
- Кыргыз Республикасынын Түркиядагы элчилиги: +90 545 689 6800.
Кыргыз Республикасынын 28 жараны Ирандан Азербайжан аркылуу эвакуацияланды.
14-июндан 15-июнга караган түнү Иран Израилдин аймагында 100дөн ашык ракета жана учкучсуз учактар менен сокку урганын Fars агенттиги билдирген.
Израил Ирандын ядролук объекттерине сокку уруп, Ирандын жогорку аскер кызматкерлери каза тапканын Израилдин Коргоо аскери кабарлаган.
Иллюстрациялык сүрөт: Reuters




