Токмок шаарынын экс-мэри Нусувалиев жана кармалган дагы үчөө эки айга камалды

  • 1 год мурун

Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун чечими менен Токмок шаарынын экс-мэри Максат Нусувалиев, муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчиси Т.у.А., техникалык көзөмөл боюнча адис А.А.Э. жана “Аль—Кадыр—Сантехсервис” ишканасынын башчысы К.Т.Э. эки айга, 24-августка чейин камалды.

Токмок шаарынын мэри Максат Нусувалиев, (жыйынан кийин жумуштан алынган-ред.) муниципалдык менчик боюнча башкармалык башчысы жана эс алуу багын курууга жооптуу “Ал-Кадыр Сантехсервис” компаниясынын аткаруучу директору Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасынын буйругу менен жыйын учурунда камаккка алынганын УКМК басма сөз кызматы тастыктады.  

Маалыматта айтылгандай, 24-июнда, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Токмок шаардык мэриясында Чүй облусуна караштуу жергиликтүү бийлик органдарынын башчылары менен жыйын өткөрдү. Алгач, төрага нааразычылыкты жараткан сейил бактын курулушу боюнча маселе көтөрдү. Анда эс алуу жайына тендердин негизинде 44 млн каралып, бакты куруучу «Ал-Кадыр-Сантехсервис» ЖЧКсына 42 миллиону өткөрүлүп берилгени айтылды.

Кармалгандарга кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен айып коюлууда.

25-июнда Максат Нусувалиев Токмок шаарынын мэри кызматынан бошотулду. Анын ордуна Алтынбек Эргешов дайындалды.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты