Алтынбек Эргешов Нарын губернаторлугунан бошотулуп, Токмок шаарына мэр болуп дайындалды
- 1 год мурун
Алтынбек Эргешов Токмок шаарынын мэри болуп дайындалды. Бул тууралуу тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду.
Алтынбек Эргешов Нарын облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду.
Максат Нусувалиев Токмок шаарынын мэри кызматынан бошотулду.
Буга чейин Токмок шаарынын мэри Максат Нусувалиев, муниципалдык менчик боюнча башкармалык башчысы жана эс алуу багын курууга жооптуу “Ал-Кадыр Сантехсервис” компаниясынын аткаруучу директору Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасынын буйругу менен жыйын учурунда камаккка алынганын УКМК басма сөз кызматы тастыктады.
Сүрөттө: Алтынбек Эргешов. Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




