УКМК Токмок шаарынын мэри Максат Нусувалиев жана башкалар жыйын учурунда камакка алынганын тастыктады

  • 1 год мурун

Токмок шаарынын мэри Максат Нусувалиев, муниципалдык менчик боюнча башкармалык башчысы жана эс алуу багын курууга жооптуу “Ал-Кадыр Сантехсервис” компаниясынын аткаруучу директору Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасынын буйругу менен жыйын учурунда камаккка алынганын УКМК басма сөз кызматы тастыктады.     

Маалыматта айтылгандай, бүгүн, 24-июнда, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Токмок шаардык мэриясында Чүй облусуна караштуу жергиликтүү бийлик органдарынын башчылары менен жыйын өткөрдү. Алгач, төрага нааразычылыкты жараткан сейил бактын курулушу боюнча маселе көтөрдү. Анда эс алуу жайына тендердин негизинде 44 млн каралып, бакты куруучу «Ал-Кадыр-Сантехсервис» ЖЧКсына 42 миллиону өткөрүлүп берилгени айтылды.

Иш жүзүндө эс алуу жайына аталган каражаттар толук жумшалбай, бакты курууга кайдыгерлик менен мамиле жасалган.

«Мындан улам, мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтиргени үчүн Токмок шаарынын мэри Н.М.О., муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Т.у.А. жана эс алуу багын курууга жооптуу «Ал-Кадыр-Сантехсервис» ЖЧКсынын аткаруучу директору К.Т.Э. УКМК төрагасынын буйругу менен жыйын учурунда камакка алынды» деп айтылат маалыматта.

Маалым болгондой, буга чейин социалдык тармактарда Токмок шаарынын тургундары өлкө бийлигине кайрылып, шаардагы жаңы сейил бактын курулуш иштери  кечеңдеп, сапатсыз жүрүп жаткандыгын  жана шаардык спорт мектебинде капиталдык оңдоо иштери бир жылдан ашык убакыттан бери бүтпөй жаткандыгын айтып, жергиликтүү бийлик органдарына нааразы болушкан.

УКМК төрагасы Ташиев аталган сейил бактын абалы менен жеринен таанышты.  Анда төрага жаңы курулган сейил бак чындыгында сапатсыз экендигин белгилеп, тийиштүү жетекчилерди  катуу сынга алды. Тез арада аталган эс алуу жайында көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүп, заман талабына жооп берген шарттар түзүлсүн деген талап коюлду.

Аны менен катар, УКМК төрагасы сейил бакта чогулган Токмок шаарынын тургундары менен жолугуп, көйгөйлөрүн укту. Шаар тургундарынын 30%ы жашаган бул райондордо бир да спорт залы жок экендиги айтылып, андыктан  заманбап шарттуу спорт залын куруу тапшырмасы берилди.

Буга чейин Токмок шаарынын мэри Максат Нусувалиев, муниципалдык башкаруу башкармалыгынын башчысы Алишер Туратбек уулу жана “Аль Кадр” курулуш компаниясынын аткаруучу директору кармалганы маалымдалган.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы. Жыйын учурунда

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты