ТИМ: Түркияда үй камагына чыгарылган жаранга жардам көрсөтүү уланууда
- 1 месяц мурун
Түркияда кармалып, үй камагына чыгарылган Кыргыз Республикасынын жараны А.у.Н карата улантылып жаткан консулдук-укуктук колдоонун алкагында Кыргыз Республикасынынын Тышкы иштер министрлиги 10-майда билдирүү таратты.
“Газиантеп провинциясынын (Түркия Республикасы) сотунун 2025-жылдын 9-майындагы чечимине ылайык, КР жараны А.у.Н. (Азамат Нурмат уулу-ред.) тергөө абагынан бошотулуп, үй камагына чыгарылган. Министрлик, КРнын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу жана А.у.Н. жактоочусу менен биргеликте жарандын мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоодо ар тараптуу жардам көрсөтүүнү улантууда. Аталган маселе министрликтин өзгөчө көзөмөлүндө турат” деп айтылат маалыматта.
Түркияда кармалган “Маариф” мектебинин мугалими Азамат Нурмат уулу 10-майда үй камагына чыгарылды. Маалыматка караганда, Азамат Нурмат уулу эч жакка чыкпоо кепилдиги менен чыгарылган. Жакын арада сот отуруму болору айтылды. Ал Түркияда мыйзамга каршы келе турган эч нерсе жасабагандыгын сотто далилдөөгө аракет кылмакчы.
Тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев буга чейин билдиргендей, Азамат Нурмат уулу Фетхуллах Гулендин кыймылына байланыштуу кармалган.
Математика боюнча эл аралык олимпиаданын 2-туруна катышуу үчүн окуучуларды коштоп жүргөн кыргызстандык мугалим Азамат Нурмат уулу (Азамат Нурматов) Түркиянын аэропортунда кармалгандыгы тууралуу маалыматтар чыккан. Ал “Маариф” фондунун (мурдагы Сапат) Ысык-Көлдөгү Кусеин Карасаев балдар лицейинин математика мугалими экени айтылган.
Билим берүү жана илим министрлиги Каракол шаарындагы Кусеин Карасаев атындагы балдар лицейинин мугалими Азамат Нурматовдун (Азамат Нурмат уулу) Түркияда кармалгандыгы боюнча тараган маалыматтарга байланыштуу 24-апрелде билдирүү таратты.
«Билим берүү жана илим министрлиги Анталья шаарындагы эл аралык математика олимпиадасына мектеп окуучуларынын катышуусуна жана алардын өлкөдөн чыгуусуна эч кандай тиешеси жок экенин билдирет. Бул сапардын бардык уюштуруу маселелери, анын ичинде тандоо, коштоп баруу жана логистика маселелери жеке «Zeen Education» билим берүү компаниясы тарабынан жүргүзүлгөн» деп айтылат маалыматта.
«Zeen Education» компаниясынын директору Айнура Мамашариптин маалыматына ылайык, 2025-жылдын 20-апрелинде Кыргызстандан 36 окуучу, 4 ата-эне жана 3 мугалимден турган делегация олимпиаданын уюштуруучуларынын чакыруусу менен Анталья шаарына барышкан. (Баргандардын алгачкы тобу мурдараак кайтып келген). Окуучулар ата-энелеринин макулдугу менен «Zeen» компаниясынын өкүлдөрүнүн коштоосунда сапарга чыгышкан. Олимпиадага баргандардын бир бөлүгү мурдараак кайтып келген.
Кыргыз Республикасынын Анталья шаарындагы башкы консулдугунун маалыматына ылайык, Анталья шаарында өткөн математика боюнча эл аралык олимпиаданын бардык катышуучулары, анын ичинде 26 окуучу, 3 ата-эне жана 2 мугалим Кыргызстанга кайтып келди.
Сүрөт: ТИМ