ТИМ Кыргызстандын жарандарын АКШда виза мөөнөтүн так сактоого чакырды
- 4 недели мурун
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Америка Кошмо Штаттарынын аймагында жүргөн, ошондой эле бул өлкөгө сапарга чыгууну пландап жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарынын көңүлүн жашаган өлкөнүн миграциялык мыйзамдарын так сактоонун зарылдыгына бурду.
АКШнын ички коопсуздук министрлигинин маалыматына ылайык, акыркы жылдары Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан виза режиминин бузулушу, анын ичинде туристтик (B1/B2), студенттик (F, J, M) визалары боюнча мыйзам бузуу учурлары көбөйгөн.
Айрым жарандар тарабынан мындай визалык режимдин бузулушу жалпы Кыргыз Республикасынын жарандарына карата терс таасир тийгизип, бардык мекендештерге карата чектөө чараларынын киргизилишине алып келиши мүмкүн болгон тобокелдик фактору катары каралышы мүмкүн.
Ушуга байланыштуу тышкы иштер министрлиги жарандарды АКШда виза менен уруксат берилген мөөнөттү так сактоого, уруксат берилген мөөнөт бүткөнгө чейин АКШ аймагынан чыгып кетүүгө чакырды.
Министрлик визалык режимди сактабаган учурлар терс кесепеттерди жаратып, мыйзам бузгандардын өздөрүнө гана эмес, АКШга барууну каалаган башка жарандар үчүн дагы виза алууну татаалдаштырышы мүмкүн экендигин баса белгилейт.
АКШ тарабынан бир катар мамлекеттердин, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандарына өлкөгө кирүү боюнча чектөөлөрдү киргизүү ыктымалдыгы тууралуу америкалык жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган маалыматка байланыштуу, Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлиги (ТИМ) 15-июнда билдирүү тараткан.
Washington Post басылмасы АКШнын мамлекеттик департаменинин ички кызматтык маалыматына таянып, анын ичинде Кыргызстан, Египет, Жибут Камерун, Нигерия, Сирия, Танзания ж.б. 36 өлкөнүн жарандарына өлкөгө киргизүүнү чектөө же киргизбей коюу чаралары иштелип чыгып жатканын билдирген.
Буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп 12 өлкөнүн жарандарына АКШга кирүүгө тыюу салды: бул Афганистан, Гаити, Иран, Йемен, Ливия, Мьянма, Конго, Сомали, Судан, Чад, Экватордук Гвинея жана Эритрея жарандарына. Ошондой эле 7 мамлекеттин: Бурунди, Венесуэла, Куба, Лаос, Сьерра-Леоне, Того жана Түркмөнстандын жарандарына АКШга барууга чектөө киргизди.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан