АКШга Кыргызстандын жарандарын киргизүүгө чектөө коюлушу ыктымал  

  • 3 недели мурун

АКШ тарабынан бир катар мамлекеттердин, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандарына өлкөгө кирүү боюнча чектөөлөрдү киргизүү ыктымалдыгы тууралуу америкалык жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган маалыматка байланыштуу, Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлиги (ТИМ) бүгүн, 15-июнда билдирүү таратты.

“Бүгүнкү күндө Америка Кошмо Штаттарында коопсуздукту камсыз кылууга жана чет өлкөлүк жарандардын өлкөгө кирүүсүн тартипке келтирүүгө багытталган миграциялык мыйзамдарды кайра карап чыгуу процесси уланууда. Учурда Кыргыз Республикасынын жарандарына карата кандайдыр бир чектөөлөрдү киргизүү боюнча АКШ тараптан расмий маалымат түшө элек” деп айтылат Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө.

Ошондой эле The Washington Post басылмасында жарыяланган маалыматка ылайык, жарандарга чектөө киргизилиши мүмкүн болгон өлкөлөрдүн тизмеси кандай критерийлердин негизинде түзүлөрү Кыргыз Республикасы үчүн түшүнүксүз болуп калып жатканы да белгиленди.

Ушуга байланыштуу, ТИМ бул маселелер боюнча расмий түшүндүрмө берүү максатында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине АКШ элчилигинин консулу чакырыларын билдирди.

Washington Post басылмасы АКШнын мамлекеттик департаменинин ички кызматтык маалыматына таянып, анын ичинде Кыргызстан, Египет, Жибут Камерун, Нигерия, Сирия, Танзания ж.б.  36 өлкөнүн жарандарына өлкөгө киргизүүнү чектөө же киргизбей коюу чаралары иштелип чыгып жатканын билдирген.

Буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп 12  өлкөнүн жарандарына АКШга кирүүгө тыюу салды: бул Афганистан, Гаити, Иран, Йемен, Ливия, Мьянма, Конго, Сомали, Судан, Чад, Экватордук Гвинея  жана Эритрея жарандарына. Ошондой эле 7 мамлекеттин: Бурунди, Венесуэла, Куба, Лаос, Сьерра-Леоне, Того жана Түркмөнстандын жарандарына АКШга барууга чектөө киргизди.  

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты