12 өлкөнүн жарандарына АКШга барууга тыюу салынды  

  • 1 месяц мурун

Президент Дональд Трамп ”чет элдик террористтерден” сактануу үчүн 12 өлкөнүн жарандарына АКШга кирүүгө тыюу салган жарлыкка кол койду. Бул тууралуу Ак үйдүн сайтында жарыяланды.

Бул жарлык 2025-жылы Трамп жарыя кылган имииграциялык кампаниянын  бир бөлүгү болуп саналат. Буга чейин ал бир катар венесуэлалыктарды депортациялоо чечимини кабыл алган, айрым чет элдик студенттерди жогорку окуу жайларга кабыл алууга тыюу салган.

Эми Дональд Трамп 12  өлкөнүн жарандарына АКШга кирүүгө тыюу салды: бул Афганистан, Гаити, Иран, Йемен, Ливия, Мьянма, Конго, Сомали, Судан, Чад, Экватордук Гвинея  жана Эритрея жарандарына.

Ошондой эле 7 мамлекеттин: Бурунди, Венесуэла, Куба, Лаос, Сьерра-Леоне, Того жана Түркмөнстандын жарандарына АКШга барууга чектөө киргизди.  

Бул чектөө документте “АКШнын чет өлкөлүк террористтерден сактоо жана улуттук, коомдук коопсуздукту коргоо” ниети менен түшүндүрүлөт.

Жарлык 9-июнда күчүнө кирет. Ал эми бул датага чейинки берилген визалар иштей берет.

Дональд Трамптын президенттигинин биринчи мөөнөтүндө (2017-2021-жылдары) ислам динин тутунган жети өлкөгө АКШга кирүүгө тыюу салынган. Ал эми Жо Байден президент болуп келгенде Иран, Ливия, Сомали, Сирия жана Йемен өлкөсүнүн жарандарына АКШгы кирүүгө салынган тыюу алынып салынган.   

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты