Темиров жана Назаровдун кылмыш иштерин башкы прокурор жеке көзөмөлүнө алган       

  • 2 года мурун

Болот Темиров жана Болот Назаровдун кылмыш иштеринин тергөөсүнүн мыйзамдуулугуна Бишкек шаардык прокуратурасы көзөмөл жүргүзүүдө.

Бул тууралуу башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.  

Ошондой эле аталган кылмыш иштерди башкы прокурор Курманкул Зулушев жеке көзөмөлүнө алгандыгы айтылды.

Белгилей кетүүчү жагдай, Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту тарабынан Болот Темиров жана Болот Назаровдун кармалышы мыйзамдуу жана негиздүү деп табылган.

22-январда кечинде иликтөөчү журналист Болот Темировду укук коргоо кызматкерлери террористтерге окшотуп, Бишкек шаардык ИИБге алып кетишкен.   

Болот Темиров кармалган кылмыш ишинин алкагында эки адам шектүү катары өтүп жатат, бири — Темиров, экинчиси төкмө акын — Болот Назаров.

23-январда Болот Темиров менен Болот Назаровду бошотуу талабы менен журналисттер, укук коргоочулар, коомчулук нааразылык акциясына чыккан. Болот Темиров менен Болот Назаров эч жакка чыкпоо кепилдиги менен камактан чыгарылган.

Жакында Temirov LIVE деп аталган YouTube канал «Эки күндө 37 миллион сом тапса болот? Садыр Жапаров жана Ташиевдин схемасы» деген темада иликтөөсүн жарыялаган. 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты