Темирлан Султанбеков тергөө абагында дагы эле ачкачылык кармоодо
- 2 месяца мурун
“Социал-демократтар” партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун тергөө абагында ачкачылык кармаганына 27 күн болду.
Анын абалы начарлаганы, адвокат анын өнү кубарып, колу-буту көгөрө баштаганын, кескин арыктап кеткенин, дене табы төмөн болуп, көзүнүн көрүүсү начарлаганын, терисине бүдүрлөр чыгып жатканын айтууда.
Жаза аткаруу кызматы Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагында жаткан лидери Темирлан Султанбеков 7-декабрда комплекстүү медициналык текшерүүдөн баш тартуу боюнча жазуу жүзүндө арыз бергенин, ачкачылык кармоо ден соолукка зыян экени тууралуу эскертүүлөргө көңүл бурбай жатканын билдирди.
“Темирлан Султанбеков №1 тергөө абагынын медициналык кызматкерлеринин көзөмөлүндө. Ал суу, шире (сок) жана максым ичип жатат. Мекеменин жетекчилиги ага түшүндүрүү иштерин улантууда” деп айтылат маалыматта.
14-ноябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы (ШИИББ) Султанбековго, Карамушкинага жана Турксеверге кылмыш-жаза кодексинин 196- беренесинин 1-бөлүгүнүн (шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) негизинде кылмыш ишин козгоп, камакка алган.
15-ноябрда Бишкектин Свердлов райондук соту «Социал-демократтар» партиясынын жетекчиси Темирлан Султанбековду, партиянын штаб башчысы Ирина Карамушкина менен тарапташы Роза Турксеверди 2 айга камакка алуу чечимин чыгарган.
2-декабрда Бишкек шаардык соту «Социал-демократтар» партиясынын лилери Темирлан Султанбековдун бөгөт чарасы боюнча аппеляциялык арызын карап, Свердлов райондук сотунун эки айга камаган чечимин күчүндө калтырды.
Сүрөттө: Темирлан Султанбеков. Интернет булактарынан