Эл аралык HRW уюму кыргыз бийлигин «Клоопко» каршы арызды кайтарып алууга чакырды

  • 8 месяцев мурун

Эл аралык Human Rights Watch уюму кыргыз бийлигинин Kloop Media басылмасын жабуу аракеттерин Кыргызстандагы сөз эркиндигин чектөөнүн уландысы катары баалады.

Кайрылуу аталган уюмдун сайтына 30-августта жарыяланды.

«Медиага каршы сот иши Кыргызстандагы ЖМК эркиндигине жана сөз эркиндигине каршы соңку кол салуу, мунун баары өлкөнүн адам укуктары боюнча эл аралык милдеттенмелерине, ошондой эле БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин мүчөсү болгон статусуна туура келбейт ”- дейт Human Rights Watch уюмунун Борбор Азия боюнча изилдөөчүсү Сыйнат Султаналиева.

Ал кыргыз бийлиги басылмага каршы доо арызын кайтарып алып, өлкөдөгү көз карандысыз медиаларды куугунтуктоону токтотушу керектигин белгилеген.

Буга чейин эл аралык Журналисттерди коргоо комитети (CPJ) жана Кыргызстандын медиа коомчулугу да прокуратуранын Kloop Media басылмасын жабуу боюнча арызын айыптап, кыргыз бийлигин сөз эркиндигин коргоого чакырган.

Кыргызстандын медиа жана жарандык коому Бишкек шаарынын прокуратурасынын «Клооп Медиа» коомдук фондун жоюу доо арызы боюнча кайрылуу жасашты.

Бишкек шаардык прокуратура Kloop басылмасын жоюу боюнча сотко кайрылган.

Документте “Жарыяланган материалдардын көбү негативдүү, мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өкүлдөрүн дискретизациялоого багытталган. Азыркы бийликтин жүргүзгөн саясатын кескин сындап, мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын өкүлдөрүнүн кадыр-баркын кетирүүнү көздөгөн терс мүнөздөгү маалыматтары басымдуулук кылары” айтылган.

Kloop.kg бийликтин ишмердүүлгүн курч сынга алган медиалардын бири. “Клооптун” соңку иликтөөлөрүнүн биринде мамлекеттин жерине “Барселона” академиясынын имаратын салууга УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин балдары жана мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жакындары, “Росатом” компаниясынын Казакстанда көмүр казган күмөндүү өнөктөшү аралашып жатканы жөнүндө сөз болгон.

Кийин президент Садыр Жапаров “Кабар” улуттук агенттигине курган маегинде буга жооп берип, “Клооп” баштаган сайттарга кайрылып, аларды “жалаң негатив жазып, инвесторлорду качырып жатат” деп айыптаган.

“Клооп” 2008-жылдан бери иштейт. Басылма бир катар чуулгандуу иликтөөлөрү үчүн эл аралык сыйлыктарга татыктуу болгон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты