Тажикстандын ТИМинин беш калпы 

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги өзүнүн расмий сайтына Кыргызстанды агрессияга күнөөлөгөн билдирүүсүн калтырган. “ПолитКлиника” ал маалыматтарды текшерип, Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин калпын аныктап чыкты. 

Кыргызстандыктар сайтка кире албайт

Алгач эле байкаган нерсе, Тажикстандын расмий органдарынын сайттары кыргызстандыктар үчүн жабык. Бир гана VPN колдонуу менен кире аласыздар. 

Билдирүүсүнүн алгачкы эле бөлүгүндө Кыргызстандын аскер кызматкерлери Тажикстандын “Лангар” жана “Сары-Бозор” конуштарына кирип, курал менен кол салгандыгы айтылат. 

14-сентябрь күнү болжол менен саат 14:10дө ок атышпоо режими жарыялангандан кийин дароо Кыргызстандын аскер кызматкерлери Лангар жана Сары-Бозор конуштарына, ошондой эле Чоркух айылындагы №47 орто мектептин имаратына топтук курал менен кол салышкан. Натыйжасында бул окуу жайынын студенттери жана мугалимдери жабыркаган”, — деп жазылган билдирүүдө. 

Бирок, билдирүүгө визуалдык же документалдык факты бекитилген эмес. “ПолитКлиника” НАСА спутниктерин карап көрүп, 13-19-сентябрь күндөрү Тажикстандын аталган аймактарында өрт катталбаганын аныктады. 

Тажикстандын ТИМинин беш калпы 

Демек, билдирүүдө айтылгандай оор техника колдонуу менен имараттарга сокку урду дегени чындыкка дал келбейт. 

Ал эми, Кыргызстандын УКМКсы 14-сентябрь күнү “Булак-Башы” чек ара аймагында куралдуу чыр-чатак башталганын билдирген. УКМКнын чек ара кызматы маалымдагандай, тараптардын мурда чечилген макулдашууларын бузуу менен Тажикстандын чек ара аскерлери, чек аранын такталбаган тилкесиндеги позицияларды ээлеп алган. Кыргыз тараптын аймактан чыгып кетүү боюнча мыйзамдуу талаптарына көңүл бурбай, тажик тарап ок атканы айтылат билдирүүдө. Минометтордун жарылуусунан Кыргызстандын эки чек арачысы жаракат алганын чек ара кызматы билдирет. Кыргызстандын чек ара кызматы 14-сентябрь саат 14:00дө тажик чек арачылары “Достук” заставасына ок атканын билдирген. 

Оор техникалар менен аткылашкан эмес

Тажикстан ТИМи экинчи билдирүүсүндө, “Кырдаалды деэскалациялоо жана кошумча күчтөрдү чыгаруу боюнча макулдашууга карабастан, 16-сентябрда саат 04:50дө Кыргызстандын аскер кызматкерлери Дүйшөмбү чек ара заставасын оор куралдардан аткылоого киришти. Ошол эле учурда Кыргызстандын аскер кызматкерлери Исфара шаарынын Хожай-Ало, Куммазор, Сурх, Сомониён жана Кулканд калктуу конуштарына, ошондой эле Гафуров районундагы Бобожондун Хистеварз жана Овчикалъачасына куралдуу кол салышкан. Исфара шаарынын Чоркишлок айылынын калктуу конуштарын массалык аткылоодо кыргыз тарап жөө аскерлердин согуштук машиналары жана БТР сыяктуу оор техникаларын колдонгон”, — деп жазылган. 

Бирок, бул билдирүүсү дагы эч кандай далил менен бекитилген эмес. 

Ал эми Кыргызстандын УКМКсына караштуу чек ара кызматы 16-сентябрь түнү Тажикстандын чек арачылары Баткендин Эки-Таш, Чыр-Дөбө, Кум-Мазар жана Орто-Боз айылдарын айылдарын аткылай баштаган. Андан кийин Баткендин Кулунду, Максат жана Жаңы-Жер айылдарын оор техника менен аткылай баштаганын билдирген. 

Буга далил катары, тажик тарап кол салуу учурунда мактанып тарткан видеолору болду. Анда кыргыз айылдарындагы үйлөр экендиги аныкталган эле.  “ПолитКлиника” өз иликтөөсүндө НАСАнын спутник сүрөттөрү менен кыргыз айылдарында өрт болгондугун далилдеген эле. Спутниктен тартылган сүрөттөргө таянсак, өрт 16-сентябрь күнү саат 12:27ден тарта Ак-Сай жана Арка кыргыз айылдарында көрүнө баштаган

Тажик согушкерлери үйлөрдү өрттөшкөн

Тажикстан ТИМинин үчүнчү билдирүүсүндө, Кыргызстандын атайын багыттагы аскерлери Тажикстандын тургундарынын үйүн өрттөп, тоноп кетишкендиги тууралуу жазылган. 

Кыргызстандын атайын багыттагы аскерлери Исфара шаарынын Чилгазы айыл аймагынын Богдори айылынын аймагына басып кирип, жергиликтүү тургундардын 16 үйүн өрттөп, тоноп кетишкен. Белгилей кетсек, бул баскынчылык учурунда кыргыз аскерлери тажик жараны, улгайган Махмудова Мунавварахон аттуу аялдын үйүнө кирип, аны өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүшкөн”, — деп жазылган. 

Бул билдирүү боюнча да эч бир видео, сүрөттөр факты катары көрсөтүлгөн эмес. 

Ал эми тажик Телеграм каналдарында тажик согушкерлери кыргыз үйлөрүн өрттөп, мародерлук кылып, кыргыз мектептерин басып алган видеолорун таратышкан. “ПолитКлиника” аталган видеолорду фактчек кылып, кыргыз айылдары экендигин аныктаган. Мисалы, “Максат” , “Ак-Сай” айылдарындагы үйлөрдү өрттөшкөн, ал эми “Ак-Сай” айылындагы Б.Ходжаев атындагы мектепти басып алып, Тажикстандын желегин илип алышкан. 

Ал мектепти басып алууда курман болгон кыргыз жараны Илимбек Мурзаев  Б.Ходжаев атындагы орто мектептин ичинде болгон. Денесинин 4-5 жерине ок тийген

Тажикстан ТИМи айтып жаткан Богдори айылында, кыргыз тарапты күнөөлөө үчүн үйлөрдү өздөрү өрттөшкөн. Бул тууралуу 17-сентябрь түнкү саат 02:30да, УКМКнын чек ара кызматы билдирген. “ПолитКлиника” буга далил катары, НАСА спутнигинин сүрөттөрүн иликтөөсүндө берген. Аталган сүрөттөр УКМКнын билдирүүсүн далилдеген

Бул иликтөө менен Тажикстан Кыргызстанга биринчи болуп кол салгандыгы фактылар далилделген

Тажикстан Баткендин чет жакасын жапырт ок атуу реактивдүү системалары менен аткылаганын Фактчек.кж аныктаган

Ошондой эле, тажик Телеграм каналдары кыргыз аскерлеринин денелерине мыкаачылык менен кыянаттык кылгандарын чыгарып турушкан

Тажикстан тарап ок чыгарып турган

Тажикстандын ТИМинин төртүнчү билдирүүсүндө, Тажикстан менен Кыргызстандын президенттери ШКУнун саммитинде ок атышууну токтотуу боюнча макулдашканына карабай, Кыргызстан тарап кайра эле от чыгарып жатат деп жазылган. 

Эки өлкөнүн аскердик жана жарандык бийликтеринин түрдүү деңгээлдеринде жетишилген ок атышууну токтотуу боюнча макулдашууга карабастан, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун президент менен жолугушуусунда берген убадаларына карама-каршы келген. Тажикстан Республикасынын Эмомали Рахмон Самарканд шаарында 16-сентябрда саат 19:10до ШКУнун саммитинин алкагында кыргыз аскерлери ок чыгарып, Жамааттын №225 жана №64 орто мектептеринин имараттарын толугу менен талкалап салышкан. Исфара шаарынын Чоркух”, — дейт билдирүүдө. 

Бирок, бул маалыматка далил келтирилген эмес. 

Кыргызстандын УКМКсы ошол күнү саат 17:00го карата кыргыз чек ара кызматы ок атууну токтотконун билдирген. Бирок, тажик чек арачылары интенсивдүү аткылоону токтоткону менен, кээ бир аймактарда Кыргызстандын позицияларан аткылап турган. Кайра саат 18:30га карата УКМК чек ара кызматы тажик тарап макулдашууну бузуп, Кыргызстандын Кулунду жана Жаңы-Жер калктуу конуштарын аткылаганын Кыргызстандын УКМКсы билдирген. 

Садыр Жапаров “душман” деп айткан эмес

Тажикстандын ТИМинин бешинчи билдирүүсүндө, “Соңку күндөрү коңшусунун өңүндө “агрессордун” образын түзүү үчүн кыргыз тарап ачыктан-ачык жалган жалаалардан, инсинуациялардан качпай, Тажикстанга каршы маалыматтык кампанияны улантып, ошону менен чек ара аймагындагы кырдаалды курчутууда. Кыргызстандын президенти 17-сентябрдагы элге кайрылуусунда, Тажикстанга карата “душман” деген сөздү колдонгон”, — деп жазылган. 

Бул маалымат да жалган. 

КРнын президенти Садыр Жапаров 17-сентябрь күнү өзүнүн “Фейсбук” баракчасына билдирүү калтырган. Ал билдирүүсүндө ата-бабаларыбыздан мурас болуп калган жерибиздин бир чарчы метр жерин да башкаларга бербей тургандыгыбызды айткан. Билдүрүүнүн бир да жеринде “душман” деген сөз колдонулган эмес

Урматтуу агайын-туугандар, өткөн тарыхка көз чаптырсак, чек ара маселеси жөнгө салынбай, жер талашкан учурлардын баары чыр-чатактар менен коштолуп, жоготуулар сөзсүз болгондугуна күбө болобуз. Бирок, кандай болгон күндө дагы ата-бабаларыбыздан мурас болуп калган жерибиздин бир чарчы метр жерин да башкаларга бербейбиз”, — деп жазылган билдирүүнүн ичинде. 

Тажикстандын манипуляциясын ачыкка чыгарган негизги учурлар:  

  • Фейк жана жалган маалыматтарды кыргыз тарап эмес, тажик пабликтери, ЖМКлары тарата баштаган. Алардын арасында ар кандай Телеграм каналдар дагы болгон. “Тажикстандын пропагандасы: Кыргыз кызматтарынын билдирүүлөрүн көчүрүп, бурмалап берип жатат” деген фактчекингде тажик тарап Кыргызстандын расмий билидрүүлөрүн бурмалагандыгын далидеген
  • Дагы бир фейкинде кыргыз аскери жөнөкөй жарандарга курал берип, согушка мажбурлаганы жазылат. Бирок, “ПолитКлиника” муну дагы текшерип, фейк экендигин аныктаган. Тескерисинче, Тажикстандын айрым аймактарында жай тургундарды чогултуп, согушка алдын-ала даярданышканы аныкталган
  • Тажикстандын жергиликтүү ЖМКлары түздөн-түз фейк маалыматты таратышкан. “Sputnik Тажикстан” кызматынын Кыргызстан аскерлери “Овчикалача” айылына сокку узатты дегени калп” деген фактчекингде аныкталган
  • Тажикстандын Кыргызстанга болгон агрессиясынын эң негизги далили — Тажикстандын расмий өкүлү генерал Шохтун катардагы аскерлер менен эмес, атайын даярдыктан өткөн согушкерлери менен Кыргызстандын аймагына кирип келип, согуштук агрессия жасаганы. Муну менен Тажикстан БУУнун негизги принциптерин бузуп, Кыргызстандын аймактык бүтүндүгүнө кол салып, жай тургундар менен граждандык объектилерге чабуул жасаган. Тажикстан бул аракети үчүн мыйзамдын чегинде жообун алууга тийиш.   

ПолитКлиника

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты