Фактчекинг: Тажик тарап кыргыздардын айылдарында мародерлук кылып жатат

Фактчекинг: Тажик тарап кыргыздардын айылдарында мародерлук кылып жатат

Баткендин “Максат” айылындагы үйлөр күйүп жаткандыгы тууралуу видео мессенджерлер аркылуу тарап жатат. “ПолитКлиника” аталган видеолорду текшерип көрдү. 

Тарап жаткан видеодо тажикче сүйлөгөндөр, “Азаматсыңар балдар миң мертебе рахмат силерге. Кыргыздын жазасы ушул. Ушундай бат келдик эле, алар баарын таштап качып кетишти. Бул кыргыздын аскер бөлүктөрү тажиктердин колуна түштү. Буйруса биз эми бул жерди кайтарып бербейбиз”, — деп жатышат. 

Видео кетет.

Видеодо күйүп жаткан үй 2021-жылдын апрель айындагы чек ара окуясында жабырканган Максат айылынын тургундарына салынган үйлөр экендигин көрүүгө болот. Эске салсак, ал окуяда 84 үй толугу менен өрттөлүп, жарактан чыгып калган. 

Фактчекинг: Тажик тарап кыргыздардын айылдарында мародерлук кылып жатат

Үйлөрдүн чатырлары, терезелери, пайдубалдары жана дубалдары окшош экендигин көрүүгө болот. Үй ээлеринин учурдагы абалы тууралуу азырынча маалымат айтыла элек. Чек ара кызматы конфликт болуп жаткан аймактардын тургундары эвакуациялангандыгын билдирген эле. 

Ал эми экинчи видеодо, “Патрондорду жүктө, давай. Мына биз Ак-Сай капчыгайындабыз. Бул жакка курал керек болду эле мен курал алып келдим.

Мына көргүлө, Ворухтун, тажиктин арстандарын көргүлө. Азаматсыңар тажиктер, тажиктин арстандары!”, — деп тажикче сүйлөп жаткандарды угууга болот. 

Тажик тарап мородерлук да кылып жатат

Видеодо сүйлөп жаткандар, үйдөн буюмдарды алып чыгып, мородерлук кылып жаткандыгын дагы көрүүгө болот. Тагыраагы, колунда автоматы бар адам колуна күрөң түстөгү кутучаны алып келип, автоунаага салганын көрүүгө болот. 

Фактчекинг: Тажик тарап кыргыздардын айылдарында мародерлук кылып жатат

Алар өз сөзүндө, Ак-Сайды белгилеп жатышат. Бул Баткен облусундагы Ак-Сай айылы тууралуу сөз болуп жатат, анткени ал арада башка Ак-Сай деген жер жок. Буга чейин, Ак-Сайдын Б.Ходжаев атындагы орто мектепти ээлеп алган видео тараган эле. 

Жыйынтык:  Тажикстан тарап, Кыргызстандын айылдарына басып кирип, мародерлук кылып жаткандыгы чын. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты