“Sputnik Тажикстан” кызматынын Кыргызстан аскерлери “Овчикалача” айылына сокку узатты дегени калп

Бүгүн, 17-сентябрь күнү “Sputnik Тажикстан” маалымат агенттигинин Телеграм-каналында Кыргызстандык аскерлери “Bayraktar TB2” дрону менен “Овчикалача” айылына сокку узатты” деген бир канча маалымат чыккан. Алардын айтымында, кыргыз аскерлери 16-сентябрда эки сокку узатып, мектеп менен мечитти талкалашкан. Андан сырткары, “Sputnik Тажикстан” тараткан маалыматта ондогон үйлөр бузулганы айтылган.

“Sputnik Тажикстан” кызматынын Кыргызстан аскерлери “Овчикалача” айылына сокку узатты дегени калп

Бирок, бүгүн, 17-сентябрь күнү “МОЛБОЗОР” Ютуб каналында “Граница Овчикалача худи хозир хамачо тинч ором аст” (Овчикалача азыр абдан тынч) аттуу видео чыккан. Анда автор “Овчикалача” айылындагы бүгүнкү, 17-сентябрдагы абалды көрсөткөн. Видеонун автору “Овчикалача” айылын кыдырып, ал видеодон биз айрым учурларды көрө алдык.  Видеого ылайык, аталган айылда абал тынч, жарандык объектилер иштеп жатканын көрсө болот. 

Андан сырткары, “Sputnik Тажикстан” атаган мектептен жана мечиттен алыс эмес жактагы май куюучу станциялар жана базар иштеп жатканын байкаса болот. Картадан карай турган болсок, видеодогу “Овчикалача” базары, “Фирдавс” май куючу жайы менен мектеп 300-350 метр аралыкта жайгашкан.

“Sputnik Тажикстан” кызматынын Кыргызстан аскерлери “Овчикалача” айылына сокку узатты дегени калп

Видеонун автору май куючу жай жайгашкан көчөнүн ортосуна чейин барган. Ал жерде кандайдыр-бир аскердик соккудан улам пайда болгон бузууларды көрүүгө мүмкүн эмес. Аны менен бирге, видеодо жөнөкөй жарандар менен бирге тажик аскерлери өз өмүрлөрүнө коркунучу жок басып жүргөнүн байкаса болот.

“Sputnik Тажикстан” кызматынын Кыргызстан аскерлери “Овчикалача” айылына сокку узатты дегени калп

Андан сырткары, “Sputnik Тажикстан” маалымат агенттиги белгилеген ондогон бузулган үйлөрдү видеодон көрө алган жокпуз.

Жыйынтык: “Sputnik Тажикстан” кыргыз аскерлери мектеп, мечит жана ондогон үйлөрдү бузду дегени калп.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты