Иликтөө: Генерал Шох жетектеген согушкерлер Кыргызстанга кол салган

Тажикстандын Кыргызстанга болгон агрессиясына байланыштуу социалдык тармактарда бир катар видео, сүрөттөр жарыяланган. “ПолитКлиника” медиасы бир катар видеолорду анализдеп, аталган куралчандардын арасында Тажикстандын генералы Искандаров Шох бар экендигин аныктап чыкты. Аталган видеолордун бардыгы Баткен облусунун аймагында тартылган. 

Социалдык түйүндө тараган видеонун биринде, жыйырмага жакын белгисиз куралчан адамдар алдыдагы өрттөнгөн танканы көздөй басып баратканын көрүүгө болот. Алар өз ара тажик тилинде сүйлөшүп, арасында генерал Шох да бар деп айтып жаткандыгын угууга болот. 

Мына элдер согуштан кайтышты. Мына генерал Шох. Кайттык согуштан. Мына урулган танка. Мирзокужо ака ушуну урду. Ризвон, мына менин шакиртим Ризвон Шох. Мына танка. Ичиндеги өлүктөрдү алып кетишиптир” , — деп айтылат видеодо. 

Видеолор кайсы жерлерде тартылган? 

1-ВИДЕО:  – Достук заставасына жакын жерде тартылган. Ага далил катары видеодогу жер менен картадагы жерди салыштырдык. 

Иликтөө: Генерал Шох жетектеген согушкерлер Кыргызстанга кол салган
Иликтөө: Генерал Шох жетектеген согушкерлер Кыргызстанга кол салган

Ушул видеодогу тажик согушкерлерин башка видеолордон да байкоого болот.

Мисалы, видеодо “Адидас” бут кийимин кийип бараткан адамдын, башка видеодо ок чыгарып жактандыгын байкасак болот. 

Иликтөө: Генерал Шох жетектеген согушкерлер Кыргызстанга кол салган

Ошол эле басып бараткан согушкерлердин арасында, кара күрмөчөн дагы бир согушкер бар. Ал мындан сырткары дагы бир видеодо ок чыгарып жаткандарга көз салып турат. 

Иликтөө: Генерал Шох жетектеген согушкерлер Кыргызстанга кол салган

Жогоруда айтылган топ согушкерлердин арасынан дагы күмөндүү адамды байкадык. Ал кийинки видеодо оор куралды көтөрүп бара жатат. Ушул эле адам дагы бир видеодо өзүн видеого тартып, күйүп жаткан танканы карай “Аллоху акбар” деп кыйкырып, тажик тилинде сүйлөгөн. 

Иликтөө: Генерал Шох жетектеген согушкерлер Кыргызстанга кол салган

Баса, эң биринчи видеодон кең далылуу кара жилет кийген кепкачан адамды көрөбүз. Ал экинчи видеодо ок чыгарып жаткан топтун катарында бар. 

Иликтөө: Генерал Шох жетектеген согушкерлер Кыргызстанга кол салган

Ушул эле адамды буга чейин биз аныктаган оор куралды көтөрүп бараткан видеодон да кездештирдик. Ал кадрларда жогоруда оор курал көтөргөн адам ошол кишинин жанына барат. Ал адам генерал — Шох.

Буга чейинки видеодо “Генерал Шох биз менен баратат” деп мактанышкан. Генерал Шохту ушул кадрдагы адамдар менен салыштырып көрдүк. Кадрдагы адам менен генерал Шох экөө бир адам экенине ынансак болот. 

Иликтөө: Генерал Шох жетектеген согушкерлер Кыргызстанга кол салган
Иликтөө: Генерал Шох жетектеген согушкерлер Кыргызстанга кол салган

“ПолитКлиника” медиасы буга чейинки аныктаган фактчектеринде Тажикстандын Бустан шаарынын стадионунда жай тургундарды чогултуп жаткандыгын аныктаган. Ал эми генерал Шох Искандаров Бустан шаарынын милициясын жетектейт. 

Генерал Шох тууралуу дагы эмнелер белгилүү? 

2021-жылы май айындагы Тажикстандын Кыргызстанга кол салуусунда дагы генерал Шох Искандаров болгону аныкталган эле. Фейсбукта аны менен түшкөн сүрөттөрдү жаңжал болгон жерде жүргөн тажик мушкерлери Саидо Самадов менен Азам Гафоров жарыялашты. Аскердик кийимчен спортчулар Искандаров менен сүрөткө түшүп, сүрөттөр кайда тартылганын көрсөтүп жатышат.

Иликтөө: Генерал Шох жетектеген согушкерлер Кыргызстанга кол салган

Шох Искандаровдун ысымы 1998-жылы Согди облусунда козголоңчу полковник Махмуд Худойбердиевди кошуундар тарабынан колго түшүрүлгөндөн кийин белгилүү болгон. 2010-жылы күзүндө Шох Искандаров өкмөттүк аскерлердин Рашт өрөөнүндө Молдо Абдуллонун куралдуу топторуна каршы операциясына активдүү катышып, андан соң Ички иштер министрлигинин облустук башкармалыгынын башчысынын орун басары болуп дайындалган.

Акыркы жолу анын аты-жөнү 2012-жылдын август айынын башында Хорог шаарынын тургуну Шакармо Худододованын Тажикстандын коргоо министри Шерали Хайруллоевдин атына жазган арызына байланыштуу кайрадан ачыкка чыккан. Аял министрге арыз менен кайрылып, Шох Искандаров жана анын 30 жоокери анын үйүн ээлеп, андан кеткиси келбей жатканын айткан

Баса, ачык булактарда генерал Шохтун атайын өзгөчө даярдыктан өткөн 30 согушкери бар экендиги айтылат. Аларды басымдуу бөлүгү орто жаштагы согушкерлер. 

Бул видеолордун бардыгында Тажикстандын расмий өкүлү катардагы аскерлер менен эмес, атайын даярдыктан өткөн согушкерлери менен Кыргызстандын аймагына кирип келип, согуштук агрессия жасаганы далилденип турат. Муну менен Тажикстан БУУнун негизги принциптерин бузуп, аймактык бүтүндүккө кол салып, жай тургундар менен граждандык объектилерге чабуул жасаган. Тажикстан бул аракети үчүн мыйзамдын чегинде жообун алууга тийиш. 

Автор: ПолитКлиника

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты