Тажикстан тарап жай тургундарды тирүү калкан катары пайдаланууда. Текшеребиз
- 2 года мурун
- Фактчекинг
Социалдык тармактарда Тажикстан тарап жай тургундарды согушка тартып, аларды “тирүү” калкан катары колдонуп атат деген маалыматтар тараган.
“Тажикстандын аскердик кызматы жай тургундарды “тирүү” калкан катары колдонуп атат”, — деп жазылган Кыргызстандын Чек ара кызматынын билдирүүсүндө.
Ошондой эле, Фейсбук колдонуучусу Сайрагул Дуулатова да бул тууралуу жазган.
Бул маалыматты “ПолитКлиника” медиасы текшерип көрдү.
Социалдык тармактарга аталган маалыматтарды тастыктай турган бир катар видео, сүрөттөр жарыяланды. Жарыяланган видеолордун биринде тажик жараны “Келгиле балдар!” деп чакырык жасап жаткандыгын угууга болот.
“Мына кыргыздар талкаланып жатат, келгиле балдар. Биздин балдар желекти көтөрүп келип жатышат. Мына көргүлө. Кыргыздар өлдү (сөгүнүп сүйлөгөн жери). Сойибжон мына кыргыз өлдү. Алар өкүнүп калышат”, — деп айтылат видеодо.
Ал эми “Исфара онлайн” аталышындагы Телеграмм каналында жарыяланган сүрөттөрдөн да атайын аскердик форма кийип турган да, кийбей турган да жарандарды көрүүгө болот. Сүрөттүн астына жазылган билдирүүдөн улам, Тажикстан бардык тургундарын “тирүү” калкан катары колдонуп жаткандыгын билүүгө болот. Ошондой эле, бул сүрөттөр Тажикстандын Бустон шаарынын стадионунда тартылган.
Билдирүүдө, “Бүгүн Истиклол шаарында өлкөнүн чек араларын коргоо, коомдун коопсуздугун, тынчтыкты жана туруктуулукту камсыз кылуу максатында биздин сүйүктүү өлкөдө аскердик жыйын болуп өттү, анда шаардын бардык татыктуу адамдары чогулуп, кымбат баалуу Тажикстандын ар бир жерин коргоого даяр болушту”, — деп жазылган.
Ошондой эле, Тажикстан тарап буга чейин эле жөнөкөй жарандарды чогулта баштагандыгы тууралуу видео да тараган.
Жыйынтык: Тажикстан жөнөкөй жарандарды тирүү калкан катары пайдаланып жатканы чындык.