Тажикстандын пропагандасы: Кыргыз кызматтарынын билдирүүлөрүн көчүрүп, бурмалап берип жатат

Тажик провокациялык Телеграм каналдары, Кыргызстандын чек ара кызматы тараткан маалыматтарды бурмалап таратып жатышат. “ПолитКлиника” аталган маалыматтарды текшерип чыкты.

“Vorukh_time” деп аталган канал, 17-сентябрь саат 09:42де, “Кыргызстан тарап тынчтык келишимин бузуп, саат 08:50до Баткен районунун Паскы-Арык айылына ок ачты” деп жазат.  

Тажикстандын пропагандасы: Кыргыз кызматтарынын билдирүүлөрүн көчүрүп, бурмалап берип жатат

А бирок, Кыргызстандын чек ара кызматы, 17-сентябрь саат 09:39да тараткан маалыматта:

2022-жылдын 17-сентябры саат 09:00гө карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал чыңалганын КР УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат жана байланыш башкармалыгы билдирет. 

Буга чейин жетишилген макулдашууларды бузуп, саат 08:50дөн 08:55ке чейин тажик тарап Баткен районунун Паскы-Арык айылына миномёттон ок чыгарган. 

Саат 8:55те аткылоо токтотулду.

КР УКМКнын Чек ара кызматынын Баткен облусунун аймагында жайгашкан бөлүмдөрүнүн өздүк курамы учурдагы кырдаалды турукташтыруу боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө”, — деп айтылат.

Демек, провокациялык Телеграм канал, Кыргызстандын чек ара кызматынын маалыматын бурмалап көчүрүп алган. Бирок, айылдын атын өзгөртпөй калган. 

Аталган канал орус жана тажик тилинде маалыматтарды чыгарып турат. Алардын арасында провокациялык маалыматтар көп. 

Тажикстандын пропагандасы: Кыргыз кызматтарынын билдирүүлөрүн көчүрүп, бурмалап берип жатат

Дагы бир “xojai_alo_official” Телеграм каналы, Кыргызстандын чек ара кызматынын маалыматын бурмалап берген. Маалымат 17-сентябрь саат 03:30да чыккан. 

Анда, “Кыргызстандын жарандары үйлөрүн өрттөй башташты — бул атайылап жасалган провокация, деп билдирди Тажикстандын чек ара кызматы. Ок атышпоо учурунда Богдари айылында Кыргызстан тараптын жарандары өз үйлөрүн өрттөй баштаган.  Мындай аракеттер тажик тарапты мындан ары алардын үйлөрүн талкалады деп айыптоо максатында атайын жасалган провокация болуп саналат”, — деп билдирет Тажикстандын чек ара кызматы”, — деп айтылат каналдагы билдирүүдө. «ПолитКлиника» бул маалыматты текшерип, тескерисинче Тажикстандын жарандары өз үйлөрун өрттөп баштаганын аныктап чыккан.

Тажикстандын пропагандасы: Кыргыз кызматтарынын билдирүүлөрүн көчүрүп, бурмалап берип жатат

Ал эми, тажискстандык канал айтып жаткан Богдари(Богдори) айылы — Тажикстандын айылы. Бул жерде дагы текстти көчүрүп жатканда, айылдын атын алмаштырууну унутуп калышкан.

Кыргызстандын чек ара кызматытыны 17-сентярбь саат 02:30га карата берген маалыматында, тажик жарандары провокация кылуу үчүн өз үйлөрүн өрттөп жаткандыгын билдирген эле. 

“2022-жылдын 17-сентябры саат 02:30га карата мамлекеттик чек аранын Баткен облусундагы кыргыз-тажик тилкесинде чыңалган кырдаал түзүлүп жатканын УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат жана байланыш коллегиясы билдирди. 

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы тажик тараптан ок атышпоо учурунда Богдари айылында Тажикстандын жарандары өз үйлөрүн өрттөй баштаганын белгилейт.

Тажикстан Республикасынын жарандарынын мындай аракеттери кыргыз тарапты мындан ары алардын үйлөрүн талкалады деп айыптоо максатында атайын жасалган провокация болуп саналат”, — деп айтылат билдирүүдө. 

Тажикстандын пропагандасы: Кыргыз кызматтарынын билдирүүлөрүн көчүрүп, бурмалап берип жатат

“xojai_alo_official” каналы провокациялык маалыматтарды жана үрөй учурган сүрөт, видеолорду чыгарып турат. Алардын арасында каза болгон кыргыз аскерлеринин денелерине кыянаттык кылган кадрлар дагы бар. 

Жыйынтык: Тажик Телеграм каналдары Кыргызстандын кызматтарынын билдирүүлөрүн көчүрүп, бурмалап берип жаткандыгы чын

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты