Дагы бир калп: “Кыргыз аcкери жөнөкөй жаранга курал берген”
- 2 года мурун
- Фактчекинг
Социалдык түйүндөрдө тажик фейсбук колдонуучулары “Чындык суунун үстүнө чыкты” аталышындагы маалыматты таратып, активдүү бөлүшө баштады. Биз бул маалыматты текшерип көрдүк.
Таратылган маалыматка караганда, чектеш айылдын Асанбай Бердырав аттуу кыргыз жараны, 16-сентябрга караган түнү, саат 01:20 да айылга аскерлер кирип келип, жай тургундарды согушка мажбурлап, аларга курал таратып, таңга маал Тажикстанга кол салабыз дегендиги айтылат.
Биринчиден, УКМК төрагасынын аты Кайчибек Ташиев эмес, Камчыбек Ташиев.
Экинчиден, сүрөт башка эле булактан көчүрүлүп алган.
Бул сүрөт 2013 жылы “Apricity”- Европалык маданий площадкасында “Кроманоид тибиндеги кыргыздар Мургабда (Памир, Тажикстан)”. Кыргызстандан тышкары көптөгөн кыргыздар жашайт” аттуу темада жайгаштырылган. Демек, бул Тажикстандагы Памирлик кыргыз.
Ал эми материалынын заголовогунда “A lot of Kyrgyz people lives outside Kyrgystan”, “Кыргыздардын көбү Кыргызстандан тышкары жакта жашайт” деп турат.
Ошондой эле, Асанбай Бердырав аттуу жаранды шайлоочулардын тизмесинен таба алган жокпуз.
Тескерисинче, “ПолитКлиника” медиасы буга чейин Тажисктан жайкын тургундарын чогултуп, курал бергени тууралуу бир катар маалыматтарды фактылар менен ачыктап берген.
Социалдык тармактарга аталган маалыматтарды тастыктай турган бир катар видео, сүрөттөр жарыяланды.
Ал эми “Исфара онлайн” аталышындагы Телеграмм каналында жарыяланган сүрөттөрдөн да атайын аскердик форма кийип турган да, кийбей турган да жарандарды көрүүгө болот. Сүрөттүн астына жазылган билдирүүдөн улам, Тажикстан бардык тургундарын “тирүү” калкан катары колдонуп жаткандыгын билүүгө болот.
Ошондой эле, Тажикстан тарап алдын-ала эле жөнөкөй жарандарды чогултып баштаган.
Кыргызстандын чек ара кызматы Тажикстан жөнөкөй жарандарды “тирүү” калкан катары колдонуп жатканын билдирген эле.
Жыйынтык: Кыргыз аскелери жай тургундарга курал таратып, мажбурлап согушка тартып жатат деген маалымат жалган. Сүрөттөгү адам памирлик кыргыз. Тескерисинче, Тажикстан жайкын тургундарына курал берип, тирүү калкан катары колдонгон.