Кыргыз-тажик чек арасында ок атылды

  • 2 года мурун

Кыргыз-тажик чек арасында ок атылды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 14-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында ок атылды. Тажик чек арачылары Кыргыз тараптын аймактан чыгып кетүү боюнча мыйзамдуу талаптарын эске албай ок чыгарды. Буга жооп катары Кыргызстандын УКМКнын чек арачылары да курал колдонушкан.

Алдын ала маалыматтар боюнча, кыргыз тараптан жабыркагандар жок. Баткен чек ара отрядынын башчысы окуя болгон жерге жөнөп кетти.

УКМКнын Чек ара кызматы кырдаалды турукташтыруу үчүн бардык чараларды көрүп жатканын кабарлашты.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты