Тажикстандын Кыргызстанга болгон агрессиясында курман болгондордун тизмеси

Тажикстандын Кыргызстанга болгон агрессиясында каза болгондордун жалпы саны 59ду түздү.  Алардын арасынан аты-жөнү такталган 39 жарандын тизмеси жарыяланды. 

Элзада  Маннанова

15 жашта. “Жаңы-Жер” айыл аймагынын “Достук” айылынын жашоочусу. Маркум айылдаштары менен чогу “Достук” айылынан “Маргун” айылын көздөй качып бара жатканда снаряддын сыныктары тийип, каза болгон.

Тажикстандын Кыргызстанга болгон агрессиясында курман болгондордун тизмеси

Апсамат Жекшенбек уулу, улук лейтенант.

Нарын облусунун Ат-Башы районунун «Терек-Суу» айылында 1998-жылы 2-майда төрөлгөн. 2020-жылы аскердик институтун бүтүргөн.  Баткен чек арасында аскер кызматкери болгон. Маркум 16-сентябрда Маргун айылында ок тийип каза болду.

Тажикстандын Кыргызстанга болгон агрессиясында курман болгондордун тизмеси

Дастан Анарбеков

21 жашта. Талас облусунун Кара-Буура районуна караштуу «Аманбаев» айылында төрөлгөн. 17 жашында Бишкек шаарындагы Куралдуу күчтөрүнүн аскер институтуна тапшырган. Быйыл окуу жайды артыкчылык диплому менен аяктап, Баткен облусуна чек ара кызматына кызмат өтөөгө бөлүнгөн. Маркум тажик аскерлеринин аткылоосунан улам каза тапты.

Тажикстандын Кыргызстанга болгон агрессиясында курман болгондордун тизмеси

Бектур Арзибаев

Кара-Суу районунун «Жапалак» айылынын тургуну. Эки баланын атасы. Тажикстандын Кыргызстанга болгон агрессиясында курман болгон. 

Тажикстандын Кыргызстанга болгон агрессиясында курман болгондордун тизмеси

Алишер Набиев

22 жаштагы аскер кызматкери. Баткен облусунун Лейлек районунун «Кулунду» айылынын тургуну. Ушул жылдын март айында аскер кызматын өтөп бүтүп, УКМКнын аскер кызматында контракттык негизде иштеп калууну чечкен.

Тажикстандын Кыргызстанга болгон агрессиясында курман болгондордун тизмеси

Баатырбек Райимкул уулу

42 жашта. Тажикстандын Сары-Кол районунда төрөлгөн. Үч кыз, бир уулдун атасы.

Баатырбек Райимкул уулу 2014-жылы Ата Мекенди коргоодо, кызматтык парзын аткарууда көрсөткөн каармандыгы жана эрдиги үчүн «Эрдик» медалы менен сыйланган. Чек ара кызматынын “Бөрү» атайын багыттагы отрядынын чалгынчы-фельдшери болуп кызмат өтөп жүргөн.

Тажикстандын Кыргызстанга болгон агрессиясында курман болгондордун тизмеси

Чыңгыз Акчалов, ага лейтенант 

Талас облусунун Манас районундагы «Бала-Саруу» айылында 1998-жылы төрөлгөн. 2016-жылы орто мектепти аяктагандан кийин Бишкек шаарындагы Калыйнур Үсөнбеков атындагы аскер институнда окуган. Чыңгыз 2019-жылы Ош облусунда кызмат өтөп, 2021-жылы Баткенге которулган. Ошол эле жылы эл аралык танка биатлонуна катышып, президенттин колунан сыйлык алган.

Тажикстандын Кыргызстанга болгон агрессиясында курман болгондордун тизмеси

Манас Баатырбеков

27 жаштагы кенже сержанты. Ички иштер министрлигинин №707 аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жүргөн. Ал «Ак- Сай» айылындагы «Головной» суу алуучу жайында снаряддын сыныктарынан оор жаракат алып, каза болгон.

Тажикстандын Кыргызстанга болгон агрессиясында курман болгондордун тизмеси

Айбек Ысманов 

Баткен районунун «Баткен» айылында 1987-жылы туулган. Үч уулдун атасы.

Лейтенант Ысманов 2010-жылдан май айынан тарта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын баткен шаардык жана райондук бөлүмдүн №26 аскерлештирилген өрткө каршы кызматынын куткаруу бөлүгүндө кызмат өтөп, эмгек ишмердүүлүгүн баштаган. 

Маркум 2021-жылдын март айынан тарта №106 өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнүн кароол башчысы кызматында эмгектенип келген. Айбек 16-сентябрда кызматтык милдетин аткаруу учурунда кыргыз-тажик чек арасында болгон кагылышууда октон каза тапкан.

Тажикстандын Кыргызстанга болгон агрессиясында курман болгондордун тизмеси

Жаныбек Якубов 

1997-жылы 30-июнда Лейлек районунун «Маргун» айылында төрөлгөн. Үй-бүлөдө беш бир туугандын эң кичүүсү. Жаныбек Лейлек районунун аймагында ок-дары ташыган аскердик унаага тажик тараптын миномёту тийип, жан берген.

Тажикстандын Кыргызстанга болгон агрессиясында курман болгондордун тизмеси

Нурбек Баратов 

2003-жылы Сүлүктү шаарында туулган. Ушул жылдын апрель айында келишимдин негизинде кызмат өтөөгө кеткен. Чек-ара жаңжалында Кулунду тозотунда көзүнө ок тийип, мерт кеткен.

Тажикстандын Кыргызстанга болгон агрессиясында курман болгондордун тизмеси

Ураимов Эламан 

Алай районунун тургуну жан эки баланын атасы. Баткен районунун «Бүжүм» айылында жайгашкан аскер бөлүгүнүн командири болгон. Эламан Ураимов Бишкек аскердик институтун жана Дайыр Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинин бүтүрүүчүсү. Ал курчоодо калып, Кыргызстанга кирип бара жаткан тажик аскерлерин токтотуу үчүн өзүн граната менен жардырган.

Тажикстандын Кыргызстанга болгон агрессиясында курман болгондордун тизмеси

Нурсултан Жаныбеков

1995-жылдын 25-июлунда Нарын облусунун «Оттук» айылында төрөлгөн. Үй-бүлөдө төрт бир туугандын улуусу. Нурсултандын мекенине кылган кызматы бааланып, президенттин ардак грамотасы жана бир катар ведомстволук сыйлыктар менен сыйланган.

Ушул жылдын 23-мартында 2054 аскер бөлүгүнүн 6-атайын багыттагы тобунун улук чалгынчы-улук аткычы кызматына дайындалып, Баткен облусундагы Раззаков шаарына кызмат өтөө үчүн жиберилген.

Тажикстандын Кыргызстанга болгон агрессиясында курман болгондордун тизмеси

Гүлжигит Бектенов

1995-жылдын 25-февралында Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун «Достук» айыл өкмөтүнүн «Кызыл-Туу» айылында төрөлгөн. Ал 2017-жылы  Аскердик окуу жайды аяктап, андан кийин Раззаков шаарына жакын жайгашкан Кыргыз Республикасынын чек ара кызматынын «Бөрү» атайын багыттагы отрядында төрт жыл кызмат өтөгөн. 2019-жылы президенттин «Даңк» медалы менен сыйланган.Гүлжигит Бектенов 16-сентябрда Лейлек районунда күжүрмөн тапшырманы аткарды. Алардын курчоого алынганда Бектенов жоокерлерге позицияны таштап кетүүгө буйрук берген. Ал эми өзү тажик аскерлеринин көңүлүн алаксытуу үчүн кала берген. Кайра атып, анан ар кандай айла-амалдарды жасап, ал жолдошторуна артка чегиниши үчүн убакыт уткан.

Тажикстандын Кыргызстанга болгон агрессиясында курман болгондордун тизмеси

Бектур Ыслам  уулу

Ош шаарынын «Жапалак» айылында 1991-жылы 7-январда төрөлгөн.

2008-2009-жылдары Жалал-Абадда армияда кызмат өтөп, 2011-жылы чек ара кызматына келишимдик негизде кызмат өтөөгө барган. Аскер бөлүктүн «Лейлек» көзөмөл өткөрүү пунктунун улук көзөмөлдөөчүсү. Бектурганга «Достук» заставасында ок тийген.

Тажикстандын Кыргызстанга болгон агрессиясында курман болгондордун тизмеси

Бекмырза Шарабидин уулу

Бекмырза Шарабидин уулу 1996-жылы туулган. 2015-жылы Улуттук гвардияда бир жыл кызмат өтөп, 2016-жылдан баштап келишимдик негизде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине караштуу чек ара кызматында аскер кызматкери болуп иштеп келе жаткан.

Маркум 16-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта Лейлектеги «Кулунду» чек ара бекетиндеги аткылоодо курман болгон.

Тажикстандын Кыргызстанга болгон агрессиясында курман болгондордун тизмеси

Канатбеков Агадил

Жети- Өгүз районунун «Тосор» айылында 1999-жылы 14-июлда төрөлгөн. Бишкек шаарындагы Кыргыз Республикасынын улуттук гвардиясынын кызмат өтөгөн. Агадил  Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматында конракттык негизде кызмат өтөп жаткан.

Тажикстандын Кыргызстанга болгон агрессиясында курман болгондордун тизмеси

Бекболсун Рыспек уулу

22 жашта. Рыспек үй-бүлөдө беш бир туугандын эң кичүүсү. Ош мамлекеттик университетинин алдындагы Кыргыз-Кытай коллежин аяктаган. Ал армияга кызмат өтөөгө кетип, ошол бойдон Баткенде калган.

Тажикстандын Кыргызстанга болгон агрессиясында курман болгондордун тизмеси

Мирлан Какеев

1988-жылы Нарын районунун «Куланак» айылында төрөлгөн. Эки баланын атасы. 2006-2007 жылдары Сокулук районуна караштуу ӨКМда кызмат ишин баштап, 2021- жылдан тартып Аламүдүн районуна караштуу ӨКМда кызмат өтөгөн. Маркум төрт ай мурда контракттык негизде кызмат өтөөгө кеткен. 17-сентябрда кыргыз-тажик чек ара жаңжалында ок тийип каза тапты.

.

Мухтарбек Сулайман уулу

Лейтенант. 1997-жылы Алай районунун «Гүлчө» айылында төрөлгөн. Ал 2016-жылы Кыргыз улуттук лицейин аяктап, Санкт- Петербургдагы Аскердик байланыш академиясында билим алган. Лейтенант Коргоо министрлигинин №36806 аскер бөлүгүнүн мото аткычтар батальонунун байланыш взводунун командири болгон.

Мухтарбек Самаркандек айылында кызмат өтөп жатканда жарадар болуп, Разаков шаарындагы ооруканадан көз жумган.

Тажикстандын Кыргызстанга болгон агрессиясында курман болгондордун тизмеси

Балыкчиев Амангелди

2002-жылы 28-августта төрөлгөн. Амангелди Кемин районунун Чым-Коргон айыл өкмөтүнүн «Бообек» айылынын тургуну болчу. Ал 16-сентябрда чек арада болгон кырдаалда каза болгон.

Тажикстандын Кыргызстанга болгон агрессиясында курман болгондордун тизмеси

Ташбеков Ачылбек

1984-жылы төрөлгөн. Баткендеги 707-аскер бөлүгүнүн улук сержанты болуп кызмат өтөп жүргөн. “Ак-Сай” аймагында тажик тараптын огунан каза тапкан. Артында беш баласы калды.

Тажикстандын Кыргызстанга болгон агрессиясында курман болгондордун тизмеси

Матиса Надиров

Жек ишкер, тоок фабрикасынын кожоюну. Чек арада жакын жайгашкан “Ак-Сай” айылынын тургуну. Тажикстандын Кыргызстанга болгон агрессиясында жан берген.

Тажикстандын Кыргызстанга болгон агрессиясында курман болгондордун тизмеси

Баяман Акылбек уулу

Ала-Бука районуна караштуу “Жапа-Салды” айылында 1995-жылы төрөлгөн. УКМКнын «Бөрү» отрядынын жоокери болчу. Аскердик милдетин өтөө учурунда тажик тараптын огунан шейит кеткен.

Тажикстандын Кыргызстанга болгон агрессиясында курман болгондордун тизмеси

Бейкут Алмаз уулу

Улук лейтенант. Нарын облусунун Эчки-Баш айылынын тургуну.

Тажикстандын Кыргызстанга болгон агрессиясында курман болгондордун тизмеси

Эрлан Турсунбаев

1996- жылы төрөлгөн. Чүй облусунун Кара-Балта шаарында УКМКнын чек ара кызматынын кызматкери. Ал Баткен облусундагы чек арада бир жарым жылдан бери кызмат өтөп жаткан.

Тажикстандын Кыргызстанга болгон агрессиясында курман болгондордун тизмеси

Илимбек Мурзаев

1995-жылы төрөлгөн. Баткендин «Ак-Сай» айылындагы Б.Ходжаев атындагы орто мектептин ичинде болгон. Денесинин 4-5 жерине ок тийген. Артында бир кызы калды.

Тажикстандын Кыргызстанга болгон агрессиясында курман болгондордун тизмеси

Даниелбек  Малашов

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун «Кара- Чолок» айылында 1998-жылы төрөлгөн. Үй-бүлөдө үч бир туугандын ортончусу. Ал Баткен облусунун чек ара кызматынын №2023 аскер бөлүгүндө 2021-жылдын сентябрь айынан тарта кызмат өтөп баштаган. 11-сентябрда мөөнөтү аяктап, үйүнө кетүүгө буйрук чыккан. Даниел тажик тараптын кол салуусунан шейит кеткен.

Тажикстандын Кыргызстанга болгон агрессиясында курман болгондордун тизмеси

Дурус Каныбек уулу

Ички иштер министрлигинин ички аскерлеринин кызматкери. Ал 1992-жылы 3-июлда төрөлгөн.

Тажикстандын Кыргызстанга болгон агрессиясында курман болгондордун тизмеси

Айбек Абдилабек уулу

1993-жылы 22-мартта жарык дүйнөгө келген. ИИМдин ички аскерлеринин кызматкери.

Тажикстандын Кыргызстанга болгон агрессиясында курман болгондордун тизмеси

Марат Ташмурзаев

2002-жылы Баткен облусуна караштуу «Айдаркен» айылында төрөлгөн. Үй-бүлөдө жалгыз уул эле.

Тажикстандын Кыргызстанга болгон агрессиясында курман болгондордун тизмеси

Мыктыбек Мурзажанов

Милициянын улук сержанты. 2019-жылдан тарта Ички иштер министрлигинин атайын атайын багыттагы полкунун Баткен облусунда жайгашкан өзүнчө ротасынын кызматкери.

Тажикстандын Кыргызстанга болгон агрессиясында курман болгондордун тизмеси

Даниель Таалайбек уулу

 Баткен районунун «Ак-Сай» айылында 2002-жылы 22-сентябрда төрөлгөн. “Капчыгай” чек ара бөлүгүндө кенже сержант болуп кызмат өтөп жаткан. Үй-бүлөдө үч бир тууган.

Тажикстандын Кыргызстанга болгон агрессиясында курман болгондордун тизмеси

Мирлан Ниязов

1987-жылы 28-июлда төрөлгөн. 2005-2007-жылдары армияда кызмат өтөп, 2007-2012- жылдары Ош облусунун чек ара кызматында кызмат өтөгөн. Ал 2021-жылдан тарта Баткендеги чек арада кызмат өтөй баштаган. Артында бир уул, бир кызы калды.

Тажикстандын Кыргызстанга болгон агрессиясында курман болгондордун тизмеси

Арстаналы уулу Асатбек

Катардагы жоокер. Ала-Бука районуна караштуу «Тенги» айылында төрөлгөн. Ал Ала-Бука райондук аскер комиссариаты тарабынан 2021-жылдын 17-сентябрында №2023 Айдаркен аскер бөлүгүнө чакырылган. Асатбек УКМКнын №2022 Капчыгай чек ара тозотунда өз аскердик милдетин аткарып жатып, шейит кетти.

Тажикстандын Кыргызстанга болгон агрессиясында курман болгондордун тизмеси

Бактияр уулу Рамазан

Талас облусунун Манас районунун «Ичке- Суу» айылында 2000-жылы төрөлгөн. 2019-жылы аскерге чакырылып, 2020-жылы Нарын облусундагы Тайлак баатыр атындагы №2025 аскер бөлүгүндө кызматын аяктап, Баткен облусундагы Кулунду тозотуна келишим түзгөн.

Тажикстандын Кыргызстанга болгон агрессиясында курман болгондордун тизмеси

Абдисамат уулу Кулат, Нургазы Мамытов

Ак-Татырда кызмат өтөшкөн

Тажикстандын Кыргызстанга болгон агрессиясында курман болгондордун тизмеси
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты