Тажикстандын кол салуусу: 46 кыргызстандык каза тапты, жабыркагандардын саны -149   

  • 2 года мурун

КР саламаттык сактоо министрлиги Тажикстандын Кыргызстанга кол салуусунан 18-сентябры, саат 17:00гө карата саламаттык сактоо уюмдарына кайрылгандардын жалпы саны — 140 адам, анын ичинен 7 жабырлануучу амбулатордук дарылоого жөнөтүлгөнүн билдирди. Ал эми каза болгондордун жалпы саны – 46.

Жабыркагандардын көбү Бишкек жана Ош шаарларындагы саламаттык сактоо уюмдарына которулган (102 жабырлануучу).

Калган жабырлануучулар Баткен облусунда стационардык дарыланууда. Алардын бардыгына үү медициналык жардам көрсөтүлүп, кандын компоненттери, дары-дармек жана медициналык буюмдар жетиштүү.

Баткен облусунан алынган ыкчам маалымат боюнча, дагы 10 каза болгон адамдын сөөгү Баткен облусунун саламаттык сактоо уюмдарына келип түшкөн. Баткен облусунда куралдуу кагылыштан каза болгондордун жалпы саны 46 адамды түзөт.

Кыргызстандын Чек ара кызматы 16-сентябрда тажик тарап ок атышууну баштаганын билдирген.

Учурда Баткен облусу боюнча жалпы 136 миң 770 жаран коопсуз аймакка эвакуацияланды. 

Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди  айыл аймагынын жалпы 5301 жаран коопсуз жайларга эвакуацияланган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты