«Тазалыктын» экс-директору Рыспек Сарпашев үй камагына чыгарылды

  • 1 год мурун

“Тазалык” ишканасынын мурдагы башчысы, мурдагы вице-мэр Рыспек Сарпашев соттун чечими менен үй камагына чыгарылды.

Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, сот Рыспек Сарпашевди 2023-жылдын 9-апрелине чейин үй камагына чыгарды.

Рыспек Сарпашев мамлекетке келтирилген 5 млн ашык сомду төлөп бергенден кийин бөгөт чарасы үй камагына алмаштырылган.   

Коррупцияга шектелип, Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри, «Тазалык» ишканасынын мурдагы директору УКМК тарабынан кармалган жана камакка алынган.

Саопашевге мүлктү ыйгарып алуу жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Сарпашев 2017-2018-жылдары «Тазалык» муниципалдык ишканасынын директору болуп турганда жеке пайдасы үчүн кызмат абалынан кыянат пайдаланып, ишкананын айрым кызматкерлери менен сүйлөшүп, иштебеген жана атайын автотетиктерди (таштанды ташуучу унаалар, самосвалдар, жүк ташуучу унаалар) жана күйүүчү-майлоочу материалдарды эсептен негизсиз чыгарып салууга шектелген. Иш жүзүндө бөлүнгөн тетиктер жана күйүүчү-майлоочу майлар сатылып, түшкөн каражаттар өздөрүнө ыйгарылгандыгы аныкталган.

Аталган кылмыш иштин алкагында Юстиция министрлигине караштуу соттук-эксперттик кызмат тарабынан соттук-бухгалтердик экспертиза дайындалып, корутундусуна ылайык, Бишкек шаарынын мэриясына караштуу «Тазалык» мамлекеттик ишканасынын бюджетине 5 миллион сомдон ашык суммада зыян келтирилген.

Рыспек Сарпашев “Тазалык” ишканасын 2010-2012 жана 2014-2018-жылдары жетектеген. 2018-жылы августта Турак жай жана коммуналдык кызматтар боюнча вице-мэр болуп дайындалган. 2019-жылы октябрда кайрадан “Тазалыктын” директору болуп дайындалган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты