Коррупцияга шектелип, «Тазалыктын» экс-директору Рыспек Сарпашев кармалды

  • 1 год мурун

Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри, «Тазалык» ишканасынын мурдагы директору С.Р.А. (Сарпашев Рыспек Анакович-ред. ) кармалды.

Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Ага ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Сарпашев 2017-2018-жылдары «Тазалык» муниципалдык ишканасынын директору болуп турганда жеке пайдасы үчүн кызмат абалынан кыянат пайдаланып, ишкананын айрым кызматкерлери менен сүйлөшүп, иштебеген жана атайын автотетиктерди (таштанды ташуучу унаалар, самосвалдар, жүк ташуучу унаалар) жана күйүүчү-майлоочу материалдарды эсептен негизсиз чыгарып салган. Иш жүзүндө бөлүнгөн тетиктер жана күйүүчү-майлоочу майлар сатылып, түшкөн каражаттар өздөрүнө ыйгарылган.

Аталган кылмыш иштин алкагында Юстиция министрлигине караштуу соттук-эксперттик кызмат тарабынан соттук-бухгалтердик экспертиза дайындалып, корутундусуна ылайык, Бишкек шаарынын мэриясына караштуу «Тазалык» мамлекеттик ишканасынын бюджетине 5 миллион сомдон ашык суммада зыян келтирилген.

Рыспек Сарпашев кармалып, УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына камалганы маалымдалды.

Аталган коррупциялык схемага тиешеси бар башка жооптуу адамдарды аныктоо боюнча  тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Рыспек Сарпашев “Тазалык” ишканасын 2010-2012 жана 2014-2018-жылдары жетектеген. 2018-жылы августта Турак жай жана коммуналдык кызматтар боюнча вице-мэр болуп дайындалган. 2019-жылы октябрда кайрадан “Тазалыктын” директору болуп дайындалган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты