«Тазалыктын» директору Рыспек Сарпашев кызматынан бошотулду

  • 3 года мурун

«Тазалык» муниципалдык ишканасынын директору Рыспек Сарпашев кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Сарпашев кызматтан өз ыктыяры менен кеткен.

Анын милдетин убактылуу директордун орун басары Айдарбек Дыйканбаев аткарат.

Рыспек Сарпашев “Тазалык” ишканасын 2010-2012 жана 2014-2018-жылдары жетектеген. 2018-жылы августта Турак жай жана коммуналдык кызматтар боюнча вице-мэр болуп дайындалган. 2019-жылы октябрда кайрадан “Тазалыктын” директору болуп дайындалган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты