Ташиев 12 жылдык билим берүүгө умтулуунун кереги жок экенин жеке пикири катары билдирди

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев орто мектептерде 12 жылдык билим берүү системасына өтүү боюнча Фейсбук баракчасында жеке пикирин билдирип, азырынча 12 жылдык билим берүүгө өтүүгө умтулуунун кереги жок экенин айтты.  

Камчыбек Ташиев мектептерде 12 жылдык окутуу системасына өтүү анын жеке ою боюнча туура эмес экенин белгилеп, анын себептерине токтолду.

1. Биздеги мектептеги билим берүү өтө начарлап кетти, ушул түйшүктү чечмейинче башка системага умтулуунун кереги жок.

2. Жактоочулар “чет мамлекетке барып окууга ыңгайлуу болот” дешет, статистиканы алып көргүлөчү, болгону 3-5 % гана бүтүрүүчү Европа, Америкага барып окушат экен, калгандары КМШ мамлекеттеринде жана өз өлкөбүздө эле жогорку билим алууну улантышат.

3. Финансылык-экономикалык жагынан да өтө көп зыянга учурап калабыз, 30,0 миңден ашык кошумча мугалим, 200дүн тегерегинде кошумча мектеп ж.б.

4. Биз алдынкы мектептерди жоюп, арткы мектептерге теңеп салдык, бул да чоң көйгөй болду.

Билим берүү боюнча негизинен эле айта турган болсок, биз өтө чоң, кооптуу абалга бара жатабыз, себеби жогорку окуу жайда окуу жөнөкөй эле акча төлөө, зачётканы толтуруу жана кимдир-бирөөлөр үчүн байлык топтоо системасына айланды. Университеттерге окууга барбай эле, миграцияда же чет өлкөлөрдө жүрүп эле диплом алгандар көбөйдү жана бул көрүнүш бардык жогорку окуу жайларда кездешип жатат.

Дагы бир жолу бардык жогорку окуу жайлардын жетекчилерине эскертип кетемин: ар бир жогорку окуу жайды текшерүүгө жетишебиз, жакынкы 2 жылда коррупциясы жок мамлекетке айланабыз. Баарыбыз чогуу аракет жасашыбыз керек,-деди Камчыбек Ташиев.

Буга чейин бүгүн, 3-мартта, Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинде депутат Камила Талиева 12 жылдык билим берүүгө өтүү ийгиликсиз болорун белгиледи.

Парламенттин социалдык саясат комитетинин жыйынында билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова 12 жылдык окутууга өтүү тууралуу маалымат берди. Азыр системада каттоо башталганын, электрондук каттоо программасы жөнөкөй экенин, мектептерде маалымдоо иштери күчөтүлө турганын кошумчалады.

«Жалпы орто билим берүүнүн түзүмүн модернизациялоо жөнүндө» токтомду Министрлер кабинети 2024-жылы 15-мартта карады жана жактырды. Бул чечим мектептин жалпы билим берүү системасын 12 жылдык билим берүү моделине этап-этабы менен өтүп, заманбап билим берүү тенденцияларына ылайык билим берүүнүн мазмунун жаңылоону баштайт. 

12 жылдык билим берүүгө өтүү менен 5-6 жаштагы балдар 100% милдеттүү түрдө мектепте билим алышат. Мектепке чейинки даярдоо программасын ишке ашырып жаткан мугалимдер 12 жылдык окуу мөөнөтүнүн кириши менен атайын квалификацияны жогорулатуу курстарынан өтүп, 1-класстарды окутууну улантышат. 

2024-жылы 26-мартта билим берүү жана илим министри Догдургүл Кендирбаева маалымат жыйын өткөрүп, 12 жылдык окуу системасына өтүүнүн зарылчылыктарын айтып берди.

«12 жылдык окуунун эң биринчи максаты бүткүл дүйнөлүк билим берүү системасына кошулуу болуп эсептелет. Биздин миңдеген балдарыбыз эмгек рыногунда өзунүн ордун таба албай жатат. Анын бирден бир себеби Кыргызстандагы акыркы эл аралык жана улуттук баалоодо балдарыбыздын билим сапатынын төмөндүгү болуп саналат» деди министр.

Сүрөттө: Камчыбек Ташиев

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты