Кыргызстан 12 жылдык жалпы орто билим берүүгө этап-этабы менен өтөт

  • 2 месяца мурун

 «Жалпы орто билим берүүнүн түзүмүн модернизациялоо жөнүндө» токтомду Министрлер кабинети 15-мартта карады жана жактырды. 

Бул чечим мектептин жалпы билим берүү системасын 12 жылдык билим берүү моделине этап-этабы менен өтүп, заманбап билим берүү тенденцияларына ылайык билим берүүнүн мазмунун жаңылоону баштайт. 

12 жылдык билим берүүгө өтүү менен 5-6 жаштагы балдар 100% милдеттүү түрдө мектепте билим алышат. Мектепке чейинки даярдоо программасын ишке ашырып жаткан мугалимдер 12 жылдык окуу мөөнөтүнүн кириши менен атайын квалификацияны жогорулатуу курстарынан өтүп, 1-класстарды окутууну улантышат. 

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты