Билим берүү министри: «12 жылдык окуунун максаты — дүйнөлүк билим берүү системасына кошулуу»

  • 4 месяца мурун

Бүгүн, 26-мартта Билим берүү жана илим министри Догдургүл Кендирбаева маалымат жыйын өткөрүп, 12 жылдык окуу системасына өтүүнүн зарылчылыктарын айтып берди.

«12 жылдык окуунун эң биринчи максаты бүткүл дүйнөлүк билим берүү системасына кошулуу болуп эсептелет. Биздин миңдеген балдарыбыз эмгек рыногунда өзунүн ордун таба албай жатат. Анын бирден бир себеби Кыргызстандагы акыркы эл аралык жана улуттук баалоодо балдарыбыздын билим сапатынын төмөндүгү болуп саналат», — деди министр.

Догдургүл Кендирбаева билим берүүнү трансформациялоо боюнча мамлекеттик «Алтын Казык» программасы негизги багыты экенин айтты.

«2022-жылы 23 балага бир компьютер болсо, азыр 12 балага бир компьютер туура келет. Бүткүл дүйнөлүк PISA сынагынан өтүш үчүн 1200 мектеп компьютер менен камсыз болду. Ошого жараша мугалимдер да даярдыктан өтүп жатат. Дүйнөлүк иликтөө системасында онлайн өтөт, ар бир балага мүмкүнчүлүк бар. Ар бир мугалимге нотубук алып берүү алдында турабыз. Муну менен санариптик электрондук окуу китептерден баштап, тесттик баалоолор, санариптик билим кампасы түзүлөт. Жасалма интеллект аркылуу мугалим тынымсыз пайдаланат, бюрократиялык көзөмөлдөн кетип, балага багытталган саясат жүргүзүлөт», — деди ал.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты