Таласта Равшан Жээнбековдун колдоочулары нааразылык акциясына чыгышты

Бүгүн, 16-декабрда, Талас районунун Арал айылынын тургундары Равшан Жээнбековду абактан бошотуу, адам укуктарын жана эркиндигин сактоо талабы менен митингге чыгышты.

Жаңы кылмыш-процессуалдык кодекс менен кылмыш-жаза кодексинин тандалма иштеп, айрым адамдарга карата колдонулуп жатканына колдоочулар нааразы.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча, тактап айтканда, “Альфа” атайын отрядынын кызматкерлерин барымтага алуу, жапырт баш аламандык уюштуруу жана бийликти күч менен басып алуу беренелери боюнча шектелип жатат.

Жээнбековду милиция кызматкерлери аны үй камагынын шартын бузду деп протокол түзүп, кайрадан камакка алынган.

Равшан Жээнбеков бир мандаттуу округдан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгон.

Сүрөт жана видео: Нааразылык акциясына чыккандар тарабынан берилди.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты