ТИМ: Ирандагы нааразылык акцияларында Кыргыз Республикасынын жабыркаган жарандары жок

  • 1 неделя мурун

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) акыркы күндөрү Ирандын бир катар шаарларында санкцияланбаган нааразычылык акциялары катталып жатканын билдирет. 

6-январга карата Иран ТИМинин расмий маалыматы боюнча, Ирандын аймагындагы нааразычылык акцияларынын жүрүшүндө жабыркагандардын арасында Кыргыз Республикасынын жарандары жок.

Жогоруда көрсөтүлгөн жагдайларга байланыштуу министрлик Кыргыз Республикасынын жарандарына Иранга шашылыш жана аргасыз жумуштар болбосо, убактылуу баруудан баш тартууну сунуштайт.

Ирандын аймагында жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарына сактыкты жана этияттыкты жогорулатуу, эл көп чогулган жерлерден, демонстрация жана башка нааразычылык акцияларынан оолак болуу, жергиликтүү бийликтин жана укук коргоо органдарынын талаптарын жана сунуштарын так сактоо, жаныңызда тек-жайды ырастоочу документтер, ошондой эле Кыргыз Республикасынын элчилигинин байланыш маалыматтары болушу керек,  жергиликтүү бийликтин жана дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн расмий билдирүүлөрүнө көз салып туруу керек экени эскертилет. 

Өзгөчө кырдаалдар келип чыккан учурда Кыргыз Республикасынын жарандарына Тегерандагы Кыргыз Республикасынын элчилигине ыкчам кайрылуу сунушталат. Ишеним телефон номери: +989352505226, +989352505229.

Сүрөт: Иранда. EPA

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты