Равшан Жээнбековду кайрадан абакка отургузган жатышат

  • 3 года мурун

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбековду кайрадан СИЗО-1 абагына отургузган жатышат.

Бул тууралуу ал АКИpress агенттигине билдирди.

Маалыматта айтылгандай, бир жума мурун милиция кызматкерлери аны үй камагынын шартын бузду деп протокол түзүшкөн.

“Мен кечкисин сейилдегени чыгам. Ошон үчүн мени тергөө абагына кайра камаганы жатышат” деди Жээнбеков.

5-августта ушул факты боюнча иш каралат.

Равшан Жээнбеков 2019-жылдын 12-декабрында камакка алынган.

Равшан Жээнбеков оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча, тактап айтканда, “Альфа” атайын отрядынын кызматкерлерин барымтага алуу, жапырт баш аламандык уюштуруу жана бийликти күч менен басып алуу беренелери боюнча шектелип жатат.

2020-жылдын 6-октябрында митингчилер Ак үйдү басып алып, камактагы Алмазбек Атамбаев, Садыр Жапаров жана Равшан Жээнбековду бошотушкан. Кийинчерээк Алмазбек Атамбаев кайра камалган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты