Таласта “Орозалы” күрөөканасы мурда мыйзамсыз алынган мүлктү жарандарга кайтарып берди

  • 2 месяца мурун

Талас районунда “Орозалы” күрөөканасы мурда мыйзамсыз басып алынган кыймылсыз мүлктү жарандарга ыктыярдуу түрдө кайтарып берип, коюлган дооматтардын негиздүүлүгүн жана мыйзамдуу талаптардын бузулушун моюнга алды.

Бул иштер Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Мамлекеттик салык кызматынын Талас шаары боюнча   башкармалыгы, Улуттук банктын Талас облустук башкармалыгы жана Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Талас облустук бөлүмү менен биргеликте жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн негизинде ишке ашты.

Маалыматта айтылгандай, мурунку ээси, карыз алуучу С.У.У.  Талас районунда жайгашкан турак үйүн кайра алды. Ошондой эле 10 жаранга мурда күрөө катары өткөрүлгөн кыймылсыз мүлккө тиешелүү документтери кайтарылып берилди.

Мындан тышкары, күрөөкананын жетекчилиги 2024-жылдын жай айларынан тартып, бүгүнкү күнгө чейин жылдык 30 пайыздан жогору мыйзамсыз эсептелген ашыкча пайыздарды карыз алуучуларга кайтарып берүүгө даяр экендигин билдирди. Жарандар маселелерди мыйзамда белгиленген тартипте жөнгө салуу үчүн кайрыла алышат.

Уюм жабыркаган жарандардан кечирим сурап, мындан ары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде гана иш алып барууга милдеттенди.

Сүрөт: УКМК видеосунан алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты