Бишкектин “Чыгыш-5” кичирайонунун тургундары андагы курулушка, соода түйүндөрүн салууга каршылыгын билдирүүдө   

Бишкек шаарынын “Чыгыш-5” кичирайонунун тургундары Армейский көчөсүндөгү “Кампа” дүкөнүнүн жанындагы жер тилкесинде башталган соода түйүндөрүн куруу боюнча курулуш иштерине байланыштуу кайрылуу жасашты.  

Кайрылууда мындай деп айтылат:

“Биз, төмөндө кол койгон Бишкек шаарынын “Чыгыш-5” кичирайонунун тургундары, Кыргыз Республикасынын бардык инстанциясына кайрылып жатабыз. Армейский көчөсүндөгү (бул көчөгө Мамбетов көчөсүнөн кирет), “Кампа” дүкөнүнүн жанында, №66 мектептин маңдайында соода түйүндөрүн куруу боюнча башталган курулуштарга байланыштуу. Аталган жер тилкеси унаа өткөн көчө менен турак үйлөрдүн ортосунда жайгашкан, ошондой эле №66 мектепке өтө жакын. Бул жер кичирайондун жашоочулары үчүн коопсуз, экологиялык таза аймакты камсыз кылууда маанилүү. Биз бул жерге соода түйүндөрүн курууга каршыбыз” деп айтылат кайрылууда.

Курулушка каршы чыгуунун бир нече себеби келтирилди. Бул — коопсуздук үчүн керек, бул көчө 15 турак үйдүн транспорт жана жөө өтүүчү жери. Кошумча соода түйүндөрүн куруу авариялык абалды жаратып, жол-транспорт кырсыгын арбытат, ансыз да бул жерден өтүү кооптуу. Жаңы курулуш ал жактын тургундары үчүн балдар ойноочу аянтчаларды, жашыл аймакты чектейт. Соода түйүндөрүн куруу чечими аталган жердин жашоочуларынын сунуш-пикирин эске албастан, коомдук талкуусуз чыгарылган.

Ошол себептен кичи райондун тургундары бул жактагы курулушту токтотууну, андагы курулуш тууралуу расмий түшүндүрмө берүүнү, аймакты көрктөндүрүү жана жашылдандыруу маселесин жолго коюуга тоскоолдукту жоюуну талап кылып, петиция жарыялады. Ага миңден ашык тургун кол койду жана дагы улантылууда.  

Бишкектин “Чыгыш-5” кичирайонунун тургундары андагы курулушка, соода түйүндөрүн салууга каршылыгын билдирүүдө   

Сүрөттөр: Кайрылуу ээлери тарабынан берилди     

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты