​Равшан Жээнбеков конвойдун коштоосунда депутаттыкка талапкер болууга БШКга арыз берүүдө

  • 3 года мурун

Бүгүн, 12-октябрда, убактылуу камак жайында жаткан экс-депутат Равшан Жээнбековду конвойдун коштоосунда Борбордук шайлоо комиссиясына депутаттыкка талапкерликке документ тапшыртуу үчүн алып барышты.

Буга чейин Равшан Жээнбековдун ишенимдүү өкүлү БШКга анын арызын жана документтерин алып барган. Бирок БШК талапкердин өзүнүн келүүсүн талап кылып, документтерди кабыл алуудан баш тарткан.

Андан кийин Жээнбеков Биринчи май райондук сотуна аны конвойдун коштоосунда БШКга документ тапшырууга уруксат берүү өтүнүчү менен кайрылган. Сот ал талапты аткарып, жаза аткаруу кызматына кат жиберген.

Анын негизинде бүгүн, 12-октябрда, Равшан Жээнбеков БШКга Жогорку Кеңеш депуаттыгына талапкер болуууга арыз жазууда.

Жээнбеков оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча, тактап айтканда, “Альфа” атайын отрядынын кызматкерлерин барымтага алуу, жапырт баш аламандык уюштуруу жана бийликти күч менен басып алуу беренелери боюнча шектелип жатат.

2020-жылдын 6-октябрында митингчилер Ак үйдү басып алып, камактагы Алмазбек Атамбаев, Садыр Жапаров жана Равшан Жээнбековду бошотушкан. Кийинчерээк Алмазбек Атамбаев кайра камалган.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбековдун бөгөт чарасы Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда каралып, ал кайрадан СИЗО-1 убактылуу абак жайына камалсын деген чечим чыкты.

Сүрөт: «ПолитКлиника»

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты