Жер кодекси боюнча мыйзам долбооруна каршы президентке кайрылуу даярдалды
- 2 месяца мурун
Бүгүн, 20-февралда, Бишкекте Жаңы жер кодекси тууралуу мыйзам долбооруна каршы кол топтоолор жүрүп, президентке кайрылуу даярдалды.
Чогулгандар президент Садыр Жапаровду аталган мыйзам долбоорун артка кайтарууга чакырып, кайрылуу кабыл алышты. Эгер Жер мыйзамынын жаңы редакциясы кабыл алынса, жеке менчикке болгон укук корголбой каларын билдиришти.
Алар чогула баштаганда милиция, Ак үйдүн жанында чогулбоого чакырып, чогулгандарды тарата баштады. Жаңы жер кодексине кол топтоого жана президентке кайрылууга кол коюшуп, чогулгандар тарады. Андан ары Горький паркында кол топтоо улантылары айтылды.
Буга чейин, 13-февралда, Жогорку Кеңеш тарабынан жаңы Жер кодекси тууралуу мыйзам долбоору кабыл алынган.
Мыйзам долбоорунда айыл чарба багытындагы жерлерди, сугат айдоо жерлерин жана жерге жайгаштыруу иштери, жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын кароосунда турган жерлердин башка түрлөрүн которуу (трансформациялоо) тууралуу жайыттар менен кошо алганда учурдагы жер укуктук мамилелери боюнча юридикалык натыйжаларды аныктоочу ченемдер каралган. Мыйзам менен дачаларга айыл статусу ыйгарылмакчы.
Мыйзам долбоорун кабыл алууда депутаттар арасында талаш-тартыштар орун алды. Депутат Дастан Бекешев мыйзам долбоорун экинчи окууда кароо тартибине кайрылууну сунуштады.
Вице-спикер Нурланбек Сыдыгалиев мыйзам долбоорун экинчи окууга кайтаруу сунушун четке какты.
Депутат Элдар Абакиров вице-спикер экинчи окууга кайтаруу сунушун добушка койбосо, депутаттарга мыйзам долбоорун экинчи окууга кайтарып, каршы добуш берүүнү сунуштады.
Депутат Гуля Кожокулова дача ээлеринин баары эле дачалардын айыл статусуна өтүшүнө макул эместигин, чиновниктер эл менен иштеши керек экенин белгиледи.
Талаш-тартыштардан кийин, “Жер кодексинин” долбоору добушка коюлуп, үчүнчү окууда кабыл алынды.
Сүрөт: RFE/RL