Нааразылык акциясынан улам Сербиянын премьер-министри Милош Вучевич отставкага кетти
- 1 год мурун
Сербиянын премьер министри Милош Вучевич студенттердин нааразылыгынан кийин отставкага кетти. Бул тууралуу “Вечерне новости” жана “Политика” гезиттери жазды.
Вучевич Сербиянын премьер-министри болуп 2024-жылдын май айында дайындалган, ага чейин премьер-министрдин орун басары, коргоо министри жана Нови-Сад шаарынын мэри кызматтарын аркалаган.
Сербияда 2024-жылдын күз айларынан бери каршылык акциялары өтүп жатат. Анын башталышына Нови-Сад шаарындагы темир жол бекетинин имаратынын кире беришиндеги бетон бастырманын кулашы себепчи болгон. Анын кесепетинен 15 адам каза таап, экөө жаракат алган. Ошондон бери жарандар жооптуу адамдарды жазага тартууну, өлкө бийлигинин, анын ичинде президент Александр Вучичтин отставкасын талап кылып келишүүдө.
Сүрөттө: премьер-министр Милош Вучевич. novosti.rs




