Талапкер Жунушбаеванын ар-намысына шек келтирүү боюнча айып пул салынды
- 1 месяц мурун
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) бүгүн, 13-ноябрда №28 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Рахат Жунушбаеванын ыйгарым укуктуу өкүлү А.Манжиеванын арызын карады.
Бул тууралуу БШК билдирди
Маалыматта айтылгандай, “Азия Ньюс” гезитинде, “Арыба” интернет-басылмасында, ошондой эле Facebook социалдык тармагындагы Айка Муратова жана Бакмурат Токтогулов аттуу колдонуучулардын баракчаларында талапкер Жунушбаеванын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген материалдар жайгаштырылганы арызда көрсөтүлгөн.
Шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка субъекттерине маалымат берүү жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топ арызды карап чыгып, “Азия Ньюс” гезитине жана “Арыба” интернет-басылмасына карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 67-беренесинде каралган 175 эсептик көрсөткүч өлчөмүндөгү административдик айып пул түрүндөгү жоопкерчилик чарасын, ошондой эле Бакмурат Токтогуловго жана Айсада Көлбаевага 125 эсептик көрсөткүч өлчөмүндөгү административдик айып пул түрүндөгү жоопкерчилик чарасын колдонууну сунуштады.
Ошондой эле үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун социалдык тармактарга байкоо жүргүзүүсүнүн натыйжасында, Threads социалдык тармагындагы Nursultan Bakyt аттуу колдонуучунун баракчасында № 22 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Болот Ибрагимовдун шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузгандыгы белгиленген.
Жумушчу топ “Аирсен” ЖЧКсынын өкүлү Рима Шаршеновага 75 эсептик көрсөткүч өлчөмүндөгү административдик айып пул түрүндө жоопкерчилик чарасын колдонууну сунуштаган.
Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалды.
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн 30 көп мандаттуу шайлоо округу түзүлдү, алардын ар биринде Жогорку Кеңештин 3төн депутаты 5 жылдык мөөнөткө шайланат.
Сүрөт: «ПолитКлиника»




