Жолдо мушташкан айдоочуларга айып салуу сунушталууда
- 5 часов мурун
- Жаңылыктар
Жолдо мушташкан айдоочуларга 10 миң сом айып салуу, ал эми алты айдын ичинде кайталанган учурда айдоочулук укугунан алты айга ажыратуу сунушталууда. Бул тууралуу Укук бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште 26-ноябрда биринчи окууда жактырылды.
Демилгечи депутаттар — Бактыяр Калпаев, Марлен Маматалиев, Медербек Алиев, Жайлообай Нышанов жана Равшанбек Рысбаев.
«Акыркы убактарда айдоочулар арасында жол талашуудан улам мушташ чыккан учурлар күн сайын катталууда. Тилекке каршы, мындай жаңжалдар адам өлүмүнө алып келген кейиштүү окуялар да аз эмес. Бир адамдын ачуусу бүтүндөй бир үй-бүлөнүн тагдырын түп-тамырынан өзгөртүп, орду толгус жоготууларга алып келүүдө» деди депутат Калпаев.
Мындан улам Укук бузуулар жөнүндө кодекске тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилип жатканын маалымдады. Тагыраагы айдоочуларга мындай укук бузуу үчүн биринчи жолу 10 миң сом өлчөмүндө айып пул салуу, ал эми алты айдын ичинде кайталанган учурда айдоочулук укугунан алты айга ажыратуу сунушталууда.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




