Түштүк Кореяда учак кулап, жүргүнчүлөр каза тапканы маалымдалды

  • 1 месяц мурун

Таиланддан Түштүк Кореяга учуп баратып кулаган учакта 175 жүргүнчү жана экипаждын 6 мүчөсү болгон. Бул тууралуу түштүк кореялык Yonhap агенттигине шилтеме берип, BBC билдирди. 85 кишинин каза тапканы расмий тастыкталганы айтылды.

Jeju Air авиокампаниясынын учагы Бангкоктон учуп келе жатып, Түштүк Кореянын Муан аэропортуна коноордо учуу-конуу тилкесинен чыгып кетип, кырсыкка учурады. Куткаруучулар окуя болгондон кийин дароо эле куткаруу операциясын баштаган. Алгач 28, андан кийин 62, кийин 85 адамдын каза болгону маалымдалды.   

Жүргүнчүлөрдүн көпчүлүгү, 173 киши түштүккореялык, экөө таиланддык экени белгиленди.   

Сүрөт: Reuters 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты