Кореяда мыйзамсыз жүргөн чет өлкөлүк жарандар ыктыярдуу чыгып кете алат
- 1 месяц мурун
Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Кореяда жарактуу визасы же иммиграциялык статусу жок жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарына ал мамлекеттеги Юстиция министрлиги төмөнкү тартипте 90 күндүк ыктыярдуу чыгып кетүү программасын ишке киргизгенин билдирет.
Программа 2025-жылдын 1-декабрынан 2026-жылдын 28-февралына чейин иш алып барат.
Аталган программаны пайдаланган чет өлкөлүк жарандар үчүн төмөнкүдөй жеңилдиктер каралган:
-көрсөтүлгөн мөөнөттө өлкөдөн ыктыярдуу түрдө чыгып кеткен учурда айып пул санкциялары колдонулбайт;
— мажбурлап чыгарууга тиешелүү болгон учурда колдонулуучу кайра кирүүгө тыюу чаралары колдонулбайт;
— программа 2025-жылдын 1-декабрына чейин жүрүм-турум тартибин бузгандарга тиешелүү болуп саналат.
Аталган чаралар кылмыштуу аракеттерди кылган же мыйзам боюнча мажбурлап чыгарууга тийиш болгондорго жайылтылбайт.
Министрлик Кореяда мыйзамсыз жүргөн жарандарыбызды айып санкцияларынан жана башка укуктук терс кесепеттерден сактануу максатында жогоруда көрсөтүлгөн мүмкүнчүлүктү пайдаланууга чакырат.
Кошумча суроолор боюнча ТИМ Кыргыз Республикасынын Кореядагы элчилигине төмөнкү ыкчам байланыш номерлер аркылуу кайрылууну суранат: +82 10 9798 0951, +82 2 379 0951.
Иллюстрациялык сүрөт: Сеул. Түштүк Корея. Интернет булактарынан




